Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Казакстанда Жогорку соттун мурдагы судьясы соттолду


Мейрам Жангуттинов, Казакстандын Жогорку сотунун мурдагы судьясы.
Мейрам Жангуттинов, Казакстандын Жогорку сотунун мурдагы судьясы.

Казакстанда Жогорку соттун мурдагы судьясы Мейрам Жангуттинов алдамчылыкка айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылды.

Соттун өкүмүнө ылайык, ал республиканын түштүгүндөгү Түркстан облусунун райондук судьясынан башка жумушка которуу үчүн ири өлчөмдө пара алганы аныкталган. Ал соттук териштирүү учурунда тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлады. Маалыматта Жангуттиновду камакка алуу ордери апрель айында чыгып, февраль айында кармалганы айтылат. Камакка алынгандан кийин судьянын ыйгарым укуктары былтыр декабрда мөөнөтүнөн мурун токтотулганы белгилүү болгон.

Жангуттиновго пара берген райондук соттун судьясы дагы ушул эле берене менен айыпталып, ага дагы 5 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыкты.

Соттун өкүмүндө экөөнө тең өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынган. Алардын жактоочуларынын позициясы тууралуу комментарий бериле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG