Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Москва: жолдогу чырда кыргызстандык таксист октон жарадар болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москва шаарында жолдо болгон чырда кыргызстандык таксистке ок тийип жарадар болду. Бул тууралуу орусиялык бир катар басылмалар жазып чыкты. Ага ылайык, окуя Москванын так ортосунда болгон. Маалыматтарга караганда, жолдогу чырда Дмитрий Махалов аттуу жаран кыргызстандык таксист, 34 жаштагы Алманбет Абдрамановду травматикалык тапанча менен бир канча жолу атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Учурда кылмышка шектүү кармалды, айрым маалыматтарга караганда, ал буга чейин бир канча жолу соттолгон. Жарадар болгон таксист ооруканага жеткирилди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Орусияда азыркы тапта расмий эсепке ылайык, 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG