Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Казакбаев ЕККУ жыйынында парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2-декабрда Стокгольм шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин пленардык сессиясында сөз сүйлөдү.

Ал Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Министр эл аралык байкоочулар шайлоого оң баа беришкенин, саясий иш-чараны ачык-айкын өткөрүү бийлик үчүн принципиалдуу мааниге ээ экенин айтты. Ошондой эле ал Кыргызстан демократиялык принциптерди жактоону уланта берерин кошумчалады.

“Өткөн жылдардагы саясий окуялар эркиндикти сүйгөн көп улуттуу Кыргызстан эли өлкөбүздүн чыныгы бийлигинин булагы болгондуктан, демократия жолунан эч качан кайтпай турганын көрсөттү. Биз негизги демократиялык принциптерди, мыйзамдын үстөмдүгүн, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону жактап келгенбиз жана жактоону улантабыз”, - деди министр.

Руслан Казакбаев эл аралык байкоочулардын бардык сунуштары эске алынарын, бийликтер тарабынан шайлоонун электрондук тутумунун иштешине байланышкан айрым маселелерди жана башка техникалык көйгөйлөрдү чечүү тапшырмалары берилгенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG