Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов УКМКда сурак берип чыкты


Кайрат Маматов.
Кайрат Маматов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Маматов “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык иштерге байланыштуу 2-декабрда УКМКда күбө катары сурак берип чыкты. Бул маалыматты ал “Азаттык” радиосуна ырастады.

“Мен банктан үч жыл мурун кызматтан кеткем. Биздин убакта берилген насыялар, андан кийин кайсы жетекчилер иштеген өздөрү жооп берет да. Банктын 2013-2019-жылдардагы маалыматтарын карасаңар алты жылда 17-орундан Кыргызстандагы жакшы банктардын үчтөн бирине кирген”.

Кайрат Маматов 2013-2019-жылдары “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) мамлекеттик банктардан дыйкандарга делген жеңилдетилген насыянын кимдерге берилгенин текшерүү тапшырмасын берген.

Мамлекет башчы Эсеп палатасы мамлекеттик банктарда ревизия, аудит жүргүзгөнүн, анын жыйынтыгында дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3% гана аларга жетип, калган 97% чиновниктер менен алардын жакындарына берилгени аныкталганын айткан.

УКМК бул ишти "Коррупция" беренеси менен иликтеп жатат. Алгачкы текшерүүнүн жыйынтыгында “Айыл Банк” тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп, ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары тастыкталган.

Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы “Айыл Банк” болуп 2006-жылы түзүлгөн. Банк калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө арзан үстөк пайыз менен насыя берет. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG