Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Евробиримдик Грузия, Молдова жана Украинага коргонуу күчтөрүн бекемдөөгө жардам берет


Украин аскерлери Житомир облусунда машыгууда.
Украин аскерлери Житомир облусунда машыгууда.

Еврокеңеш Грузиянын, Молдованын жана Украинанын аскердик жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн үч жыл ичинде чыңдоого көмөктөшүү чараларын жактырды.

Европалык Тынчтык Фондунун (EPF) алкагындагы иш-аракеттер “ички туруктуулукту” илгерилетүү максатын көздөйт жана ал кыйратуучу курал-жарак менен камсыздоону ичине камтыбайт" деп жазылган Еврокеңештин 2-декабрдагы билдирүүсүндө.

Грузиянын куралдуу күчтөрү "кризис же өзгөчө кырдаалдар учурунда калкка жардам көрсөтүү үчүн" 12,75 миллион евро жардам алары көрсөтүлгөн. Жардам берүү программасы медициналык жана инженердик жабдууларды, ошондой эле “жарандык унааларды” камсыздайт.

Жети миллион евро (7,9 миллион доллар) Молдованын аскер күчтөрүнө медициналык жана инженердик кызматтардын потенциалын жогорулатууга жардам берүү үчүн бөлүнөт. Акча ооруканаларды медициналык жабдуулар менен камсыздоого жана инженердик бригадалар үчүн жардыргыч заттарды зыянсыздандырууга жумшалат. Украинага 31 миллион евро (35,1 миллион доллар) өлкөнүн "жалпы туруктуулугун жогорулатууга" жана коргонуусун чыңдоого жардам берүү үчүн бөлүнөт.

Еврокеңештин билдирүүсү Орусия менен Украинанын мамилеси курчуп турган маалда жарык көрдү.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алып, Донбасста Украина менен согушкан жикчилдерге колдоо көрсөтүүнү улантууда. Анын айынан соңку жети жылда согуштан 13 200дөн ашуун адам каза болду.

Молдова менен Грузиянын аймагында узакка созулган чыр-чатактар уланууда. 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өз эгемендигин жарыялаган орусиячыл Приднестровьеде 1400дөй Орусиянын аскери дагы эле турат.

Муну Москва советтик доордон калган курал-жарак кампаларын коргоо зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Орусия 2008-жылы Грузия менен болгон кыска согуштан кийин Грузиянын жикчил аймактары - Түштүк Осетия жана Абхазиядагы аскерлерге колдоо көрсөтүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG