Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Криштиану Роналду тарыхта 800 гол киргизген алгачкы футболчу болду


Криштиану Роналду. Архив.
Криштиану Роналду. Архив.

"Манчестер Юнайтеддин" жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасындагы 800-голун киргизди. Ал 3-декабрда Лондондун "Арсенал" клубуна каршы оюнда эки гол киргизип, дүйнөлүк рекорд койду.

Буга чейин рекорд 765 гол киргизген бразилиялык Пелеге таандык эле. Роналду андан 36 голго озду. Үчүнчү орунда 754 гол менен "Пари Сен-Жермендин" чабуулчусу Лионел Месси турат.

Роналду улуттук командалардын, Европа чемпионаттарынын тарыхындагы, Европанын Чемпиондор лигасындагы эң мыкты бомбардир. Ал "Реал Мадрид" үчүн 450, "Манчестер Юнайтед" үчүн 130, Португалиянын улуттук курамасы үчүн 115 гол киргизген.

Бул тууралуу спортчу өзүнүн "Инстаграм" баракчасында: "Мен өз оюм менен кийинки оюнга чыктым, майрамдоого убакыт жок",-деп жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG