Бул тууралуу Финансы министрлигине караштуу Салык кызматы билдирди. Ага ылайык, Чүй, Талас жана Ош облустары боюнча Евразиялык Экономикалык Биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын үч кызматкери ишенимден кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду.
Мунун алдында, 2-декабрда Улуттук коопсуздук комитети Салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жемкорлукка шек саналып кармалганын маалымдаган.
Анда шектүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга эл керектеген товарларды импорттоодо коррупциялык схемаларды уюштуруу фактысына байланыштуу ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында колго түшкөн деп айтылган. "Алар аталган уюмга мүчө өлкөлөрдөн эл керектеген товарлардын “Ак-Тилек” салыктык каттоо пункту жана ушул эле аталыштагы транспорттук көзөмөл пункту аркылуу үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча алып турушкан деп шек саналууда", деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.
Бул иштин алкагында салыкчылардан сырткары Танспорт жана коммуникациялар министрлигинин эки кызматкери кармалган.
Статистикага ылайык, Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар. Ушул шартта жаңыдан бекитилген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы жана салык тармагындагы чийимдерди аныктап, экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун эсебинен 2024-жылга чейин мамлекеттик бюджетти 600 млрд. сомго чейин толтурууга убада берип келет.