Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Токаевдин Москвада катылган байлыгы


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 3-апрель, 2019-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 3-апрель, 2019-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин үй-бүлөсүнүн Москванын чок ортосундагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтар Росреестрден өчүрүлгөнүн орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын командасы иликтеп чыкты.

Токаевдин Москвадагы батирлери

2-декабрда Алексей Навальный Youtube каналында жарыяланган иликтөөгө ылайык, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин уулу менен мурдагы жубайы Надежда Токаеванын Москвадагы батирлери Орусиянын кыймылсыз мүлк боюнча маалымат базасында, Росреестрден өчүрүлгөн.

Казакстандын президенти Токаевдин уулу Тимур Токаевдин Москвадагы батири тууралуу маалымат. Алексей Навальныйдын командасынын иликтөөсүнөн скриншот.
Казакстандын президенти Токаевдин уулу Тимур Токаевдин Москвадагы батири тууралуу маалымат. Алексей Навальныйдын командасынын иликтөөсүнөн скриншот.

Иликтөөдө батир ээлеринин реестринен алынган документтин көчүрмөсү көрсөтүлөт. Анда Хамовники районундагы 196 чарчы метрлик батир 37 жаштагы Тимур Токаевге таандык экени белгиленген. Ага бул батир 2010-жылы катталган. Мындан тышкары иликтөөдөгү документтерге ылайык, Надежда Токаева 2000-жылдан бери Москванын Мещанск районундагы 167 чарчы метрлик батирге ээлик кылат.

"Бул базада биздин, Орусиянын кызыкчылыгы сакталып турат. Анда эмне үчүн бул базадан Казакстандын президенти Токаевдин үй-бүлөсүнүн кымбат батирлери жашырылган?",-дейт изилдөөнүн авторлорунун бири Мария Певчих.

Казакстандын президенти Токаевдин мурдагы аялы Надежда Токаеванын Москвадагы батири тууралуу маалымат. Алексей Навальныйдын командасынын иликтөөсүнөн скриншот.
Казакстандын президенти Токаевдин мурдагы аялы Надежда Токаеванын Москвадагы батири тууралуу маалымат. Алексей Навальныйдын командасынын иликтөөсүнөн скриншот.

Токаевдердин мүлкү тууралуу маалыматтарды Росреестр качан жана эмне себептен өчүргөнү азырынча белгисиз.

Ал эми Токаевдин жеке жана үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу маалыматтар аз. 2019-жылы 20-мартта ал президент болору менен казак басылмалары Токаев үй-бүлөлүү жана эки баласы бар экенин жазып чыгышкан. Быйыл 28-мартта президенттин расмий сайты Токаевдин өмүр баянын жарыялап, анда "мамлекет башчысы жубайы менен ажырашканы" жазылган.

Казакстан парламентинин сенатынын мурдагы спикери, 68 жаштагы Касым-Жомарт Токаев - өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев 2019-жылы ыйгарым укуктарын тапшырганын жарыялагандан кийин президент болгон. Кийинчерээк Токаев бул "транзиттин" сценарийи бир нече жыл талкууланганын, Назарбаев аны мураскер катары саясатка "көчөдөн келбеген киши болгондуктан" тандаганын билдирген.

Навальныйдын командасы эмнелерди иликтеди?

Навальныйдын командасынын мүчөлөрү орус аткаминерлерине жана жакындарына, ошондой эле Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) агенттерине таандык батирлердин дээрлик көбү Росреестрден жашырылганын иликтеп чыгышкан.

Мисалы, Орусиянын мурдагы башкы прокурору Юрий Чайканын, мурдагы ички иштер министри Рашид Нургалиевдин, учурдагы ички иштер министри Владимир Колокольцевдин уулунун, ФСБнын кызматкери Михаил Шекиндин кызынын, “Ростуризмдин” башчысы Зарина Догузованын жана Москва шаарынын мурдагы жетекчилеринин балдарынын кымбат баалуу хансарайлары көрсөтүлөт.

"Албетте, биз муну жокко чыгара албайбыз. Бирок азыр аткаминерлерге, алардын туугандарына, досторуна жана тааныштарына гана Росреестрден маалыматтарды өчүрүү мүмкүнчүлүгү берилгендей",- деп кыйытты Героргий Албуров иликтөөсүндө.

Ошондой эле жыл башында Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйдын командасы Орусиянын президенти Владимир Путин жана анын айланасындагылардын чет өлкөдөгү байлыгы жана кыймылсыз мүлкү боюнча изилдөөсүндө казакстандык Болат Закарьянов тууралуу да сөз кылган. Аны Путиндин “жашыруун агенттеринин” бири деп эсептешет.

Ал эми оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жыл башында Германиядан дарылануудан келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты четке кагып жүрөт. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

45 жаштагы Навальный мурда козголгон иш боюнча 2,5 жылга кесилген. Ал бул иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келет.

Орусияда да оппозициялык саясатчынын тарапташтарын жана анын жактоочуларын куугунтуктоо кампаниясы күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Алардын көбү өлкөдөн чыгып кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG