Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Европарламент Сахаров сыйлыгын Навальныйга ыйгарды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Европарламент абактагы орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга Андрей Сахаров атындагы "Ой жүгүртүү эркиндиги" үчүн сыйлыгын ыйгарды.

Аны бул сыйлыкка көрсөткөн Европалык элдик партиясы саясатчы өмүрүн жана эркиндигин тобокелге салып, Путиндин режими менен узак убакыттан бери күрөшүп келе жатканын белгиледи. Кремл төбөлдөрүн чучугуна жеткире сындап, алардын көмүскө байлыгын таап, ашкерелеген Алексей Навальный чуулгандуу иликтөөлөрү менен белгилүү. Анын ысымын Москва атайлап ачык атагысы келбейт.

Европа парламентинин чечими

Европа Биримдигинин адам укугун коргоо жаатындагы Андрей Сахаров атындагы сыйлыгы быйыл орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга берилди. Аны бул сыйлыкка Европарламенттин эң чоң фракциясы - Европалык элдик партиясы менен депутаттардын саны боюнча үчүнчү орунда турган "Европаны жаңылоо" либералдар фракциясы көрсөттү.

Европарламенттин мүчөсү Хайди Хаутала Страсбургда сыйлыкты жарыялап жатып, "бул сыйлык Навальныйга каармандыгы жана эрдиги үчүн берилгенин" айтып, орус бийлигин аны токтоосуз бошотууга чакырды.

Страсбург. Хайди Хаутала, Европарламенттин депутаты.
Страсбург. Хайди Хаутала, Европарламенттин депутаты.

"Алексей Навальный Орусиянын элинин эркиндигин калыбына келтирүүдө эрдик көргөздү. Көп жыл аралыгында ал өлкөдөгү адам укугу жана эркиндиги үчүн күрөштү. Бул анын жеке эркиндигине туруп, керек болсо өмүрүнө коркунуч келди. Европарламенттин атынан аны токтоосуз түрдө жана сөзсүз бошотууга чакырам. Бардык коркутуп-үркүтүүлөр, оппозицияга, көз карандысыз медиага жана жарандык коомго кол салуулар токтотулушу керек", - деди Европарламенттин депутаты.

Буга чейин Алексей Навальный Сахаров сыйлыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин кыска тизмесине киргени белгилүү болгон. Финалисттердин арасында өз укуктары үчүн күрөшкөн оогандык 11 аялдан турган топ жана Боливиянын мурдагы президентинин милдетин аткаруучу, азыр камакта отурган Жанин Аньес да бар болчу.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Навальныйды Орусиядагы зулумдуктун курмандыгы деп атады.

Брюссель. Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы.
Брюссель. Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы.

"НАТОдогу союздаштар аны өлтүрүү үчүн жасалган ийгиликсиз кол салууну айыптап, бул окуяны эл аралык иликтөөгө үндөгөн. Менин оюмча, бул көрүнүш Орусия чет өлкөлөргө карата эле абдан агрессивдүү эмес, өлкөнүн ичинде дагы ашкере зулумдук жасап жатканынын белгиси. Бул сыйлык Орусиядагы күчтүү добушка жана маанилүү саясатчыга ыйгарылганын кубаттайм", - деди НАТОнун баш катчысы.

Москванын "ысымы аталбаган каарманы"

Европарламент Навальныйга беделдүү сыйлык ыйгаруусун аны бошотуу үчүн жасалган кадам катары карагандар да бар. Анткени Москва "бул иште саясат жоктугун жана ал экономикалык кылмыш ишиндеги алдамчылык аракети үчүн абакта отурат" деп ишендирүүгө аракет жасап келгени айтылды. Ошондуктан Кремл анын ысымын атайын атабай, анын саясий салмагын түшүрүүнү көздөп келгени белгиленди.

"Берлиндин пациенти", "сиз атаган жаран", "блогер", "мына ошол активист", "сиз айткан тигил киши". Владимир Путин менен Дмитрий Песков Навальныйдын ысымын атайын атабай, мына ушул сыяктуу белгисиз “каармандын” варианттарын колдонуп келишет.

"Алар эле эмес, жалпы орус бийлиги Навальныйды чанда гана атынан атайт. Ал эми анын ал жакта кармалып турганы боюнча суроолорго Путин менен Песков дайыма Навальныйды "абактагы көптүн бири экенин" баса белгилеп, ал үчүн өзгөчө шарттарды талап кылуу туура эмес экенин жана ал саясий негизде эмес, кадимки кылмыш иши үчүн отурат деп сыпатташат", - дейт Кремлдин Навальныйга карата мамилесин "Настоящее время" телеканалынын журналисти Тимофей Рожанский.

Ал эми "Новая газета" басылмасынын редактору Кирилл Мартынов Навальныйга ыйгарылган сыйлыкты символикалык белги деп эсептейт.

"Биз Алексей Навальный үчүн абдан кубанычтабыз. Бул сыйлык абдан татыктуу адамга ыйгарылды деп эсептейбиз. Бул жерде кандайдыр бир символикалык дал келүү бар. Биздин улуу мекендешибиздин ысымы менен аталган жана 1988-жылдан тарта, СССР бар кезде советтик репрессиялык системага каршы күрөшкөн адамдын образын чагылдырган бул сыйлык азыр таңкалыштуу түрдө кайрадан саясий туткундары бар биздин өлкөгө берилип жатат. Ушунча жыл өтсө дагы саясий туткундар кайра эле эл аралык колдоого жана Европа парламентинин баасына муктаж болуп турганы кызык", - деди Мартынов.

Камаларын билип туруп кайтып келген Навальный

Алексей Навальный быйыл январдын этегинде Германиядан кайтып келгенде аэропорттон кармалган. Саясатчы 2020-жылы жайында химиялык курал менен ууландырылгандан кийин бир нече ай Берлиндеги клиникада дарыланган. Кармалгандан көп узабай Москва шаарынын Симонов райондук соту Навальныйдын ага чейинки шарттуу кесилгенин чыныгы жаза чарасына алмаштырып, аны 3,5 жылга эркиндигинен ажыраткан.

Буга анын жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу " шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деген айып негиз болгон. Навальныйдын камакка алынышына каршы Москва баш болгон Орусиянын ири шаарларында быйыл январдын этегинен баштап, жайдын кап ортосуна чейин каршылык акциялары өтүп, ага миңдеген адамдар чыккан.

Орусия. Алексей Навальныйдын боштондугун талап кылган акция. 23-январь, 2021-жыл.
Орусия. Алексей Навальныйдын боштондугун талап кылган акция. 23-январь, 2021-жыл.

Ал нааразылык акцияларынын айрым активдүү катышуучулары менен кошо Алексей Навальныйдын бир топ тарапташтары дагы уюштуруучулар катары кармалып, акчалай айыпка жыгылып же административдик жазага тартылган учурлар болду.

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный түптөгөн "Коррупцияга каршы күрөшүү фонду" сыяктуу уюмдар жабылып, аларга "чет элдик тыңчы" деген жарлык тагылган. Навальный Путин баш болгон Орусиянын үлкөн жетекчилеринин коррупциялык кыңыр иштерин ашкерелеген иликтөөлөрү менен Кремлдин үшүн алып турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG