Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ДССУ "Омикрондон" каза тапкандар катталбаганын билдирди


"Омикрон" штаммынын вирусу. Иллюстрациялык сүрөт.
"Омикрон" штаммынын вирусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун "Омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдө андан каза тапкандар жок экенин билдирди.

ДССУ бул штаммдын жугуу деңгээлин, андан оор илдеттер пайда болорун, ага каршы эффективдүү дарылоо жана вакциналарды аныктоо үчүн убакыт керектигин маалымдады.

Коронавирустун "Омикрон" деп аталган штаммы ноябрдын аягында алгач Түштүк Африкада катталган. Көп өтпөй бул штаммды жуктурган адамдар дүйнөнүн 40 өлкөсүндө катталды.

Европа Биримдигинин саламаттык сактоо агенттиги бул штаммга чалдыккандар жакынкы бир нече ай ичинде Европадагы COVID-19 вирусун жуктургандардын жарымына жетиши ыктымал экенин эскертти.


Түштүк Африкада COVID-19 вирусун жаңыдан жуктургандардын саны 3-декабрда 16 000ден ашты. Ноябрдын ортосунда өлкөдө коронавируска чалдыккандар күнүнө 200дүн тегерегинде болуп жаткан.

Коронавирустун жаңы түрүнөн көз жумгандар катталбаганы менен ал өтө ылдам жайылууда. Бир катар өлкөлөр буга байланыштуу чек араларын жапты.

Кыргызстан "Омикрон" штаммы чыкканына байланыштуу 1-декабрдан тарта чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылууда. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. Инфекциянын жаңы "Омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

XS
SM
MD
LG