Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Бектур Асанов УКМКда төрт сааттай сурак берип чыкты


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

Жогорку Кеңешке шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен катышкан саясатчы Бектур Асанов 3-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) төрт сааттай күбө катары сурак берип чыкты. Ал тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарбоо тууралуу милдеттенме алгандыктан кайсы иш боюнча суралганын айткан жок. Бирок сурактын шайлоого байланышы жок экенин билдирди. Ал эми атайын кызмат маалымат бере элек.

Бектур Асановду УКМКнын кызматкерлери "Ата Мекен" партиясынын кеңсесинин алдынан суракка алып кеткен. Ал 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбаган саясатчылардын бири жана шайлоодо бурмалоо болду деп бийликти сындап жатат.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Боршайкомдун техникалык адиси добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтарды сайтка чыгарууда талапкерлер алган добуш партияга кошулуп калганын айткан.

Мындан бир күн мурда УКМК "Азаттык" партиясынан талапкер Ахматбек Келдибековду да суракка чакырган. Атайын кызмат саясатчы шайлоодогу добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыктары бурмаланганы жөнүндө негизсиз сүйлөгөн деп билдирип, муну коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу деп баалаган жана түшүндүрмө берүүгө чакырган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG