Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:03

Жапаров кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады


Анкарадагы "Манас" монументи.
Анкарадагы "Манас" монументи.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады.

Анда президент “Манас” эпосу кыргыз элинин байыртан келе жаткан мурасы жана дөөлөтү катары улуттук ураанга, руханий эн тамгасына айланып, дүйнөгө таанылганын белгиледи.

“Ата-бабалардын көчмөн цивилизациясы доорундагы гимни, Евразия мейкиндигинде жаңырып турган ыры болгон. “Манас” эпосу кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, жалпы эле рухий жана социалдык турмушун чагылдырган эң баалуу энциклопедиялык булак”, - деп белгиледи президент.

Мамлекет башчы улуу дастанды муундан муунга өткөрүп, сактап келген манасчыларга, аны жыйнап, изилдеп, жайылтууга салым кошкон илимпоздорго баш ийип, таазим кыларын айтты.

Быйыл октябрда өкмөттүн токтому менен мамлекеттик “Манас” театры“ түптөлгөн. Жетекчиси манасчы Азиз Биймырза уулу.

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген.

2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG