Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Назарбаев Жаңы-Өзөн окуясына Аблязовду айыптады


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Жаңы-Өзөн окуясынан кийин. 22-декабрь, 2011-жыл.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Жаңы-Өзөн окуясынан кийин. 22-декабрь, 2011-жыл.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуясынын он жылдыгына карата мамлекеттик телеканалдарда көрсөтүлгөн даректүү тасмада ага бозгундагы банкир жана оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовду айыптады.

"Бул Аблязовдун иши. Майрам учурунда аянтта тургандарга кол салуу болгон. Азыр эми баары түшүнүктүү болду. Биз изилдеп көрдүк. Ошентип бирөөлөргө акча берип, аларга мунайчылардын кийимин кийгизип, аракка тойгузуп, "Молотов коктейлин" даярдап колдоруна берген. Эгемен күн, аянтта концерт болуп жаткан. Эл көрүп турган. Алар концертти үзгүлтүккө учуратышкан. Ал андан ары токтобой, милициянын имаратын талкалаганы барышкан. Ал жактан курал кайда экенин издешкен", - дейт даректүү тасмада Нурсултан Назарбаев.

Даректүү тасманы америкалык кинорежиссер, сценарист жана продюсер Оливер Стоун тарткан. Сегиз сааттык тасманын экинчи сериясы жакында эле Туңгуч президент күнү белгиленип жаткан 1-декабрда мамлекеттик телеканалдарда көрсөтүлдү.

Тасмада Назарбаев 2011-жылы окуядан кийин башкалардын кеңешине карабай Жаңы-Өзөнгө учуп кеткенин айтат.

"Мен түндөсү вертолет менен учуп келгем. Эртең менен тополоңду көрдүм. Дүкөндөр, почталар өрттөлдү, полиция бекеттери талкаланды. Мен тургундарды залга чогултууну сурандым", - дейт Назарбаев.

Бирок Нурсултан Назарбаев Жаңы-Өзөнгө ал кыргындан бир жумадан кийин келген. Нааразылык акциясына чыккандардын көбү ошол учурда президент менен жолуга албай, полициянын кысымына кабылганын айтышкан.

Буга байланыштуу бозгунда жүргөн казакстандык оппозициялык саясатчы, банкир Мухтар Аблязов азырынча комментарий бере элек.

2011-жылдын 16-декабрында Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн шаарынын полициясы эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылган мунайчылардын бир айга созулган тынч акциясына ок чыгарган.

Расмий маалыматтар боюнча Жаңы-Өзөн окуясында 17 адам каза болуп, ондогону жаракат алган.

Бийлик адегенде бул окуяны "тополоңчулардын актысы" деп атап, полиция демонстранттарга ок чыгарганын же атпаганын айткан эмес. Ошол кезде Назарбаев: "Жаңы-Өзөндөгү тополоңдо жаштарга 20 миң теңге жана арак берилген. Полиция баш ийбеген топту тынчтандыруу үчүн алгач асманга, анан жерге ок чыгарган",- деп айткан эле.

Анан Жаңы-Өзөн окуясынан кийин полициянын элге ок аткан алгачкы видеолору пайда болгон. Айрым серепчилер ошол кездеги Жаңы-Өзөн окуясы 1986-жылдын Декабрь окуясына берилген баштапкы баа менен окшош болгонун айтышат.

XS
SM
MD
LG