Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 2 миллиондон ашты


Эмдөө түйүнү. Иллюстрациялык сүрөт.
Эмдөө түйүнү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы 2 034 824 адам вакцина алды

Анын 1 млн. 127 миңден ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады.

Бишкекте 17-ноябрдан баштап коронавируска каршы ревакцинация (кайталап эмдөө) башталган.

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, адамдар борбор калаадагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын алса болот. Коронавируска каршы вакцинанын кошумча дозасын орточо жана оор иммундук жетишсиздиги бар адамдар, мурда Sinopharm, Sinovac вакциналарды сайдырган 60 жаштагы жана андан улуу адамдар алат.

Азыркы тапта өлкөдө вакцинанын алты түрүн бекер алууга шарт түзүлгөн. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болушу керек.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG