Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

БШК: 4-декабрга карата добуш кагаздарынын 99,84% саналып бүттү


Шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы тараптар БШКнын алдында митинг өткөрүштү. Бишкек. 1-декабрь, 2021-жыл.
Шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы тараптар БШКнын алдында митинг өткөрүштү. Бишкек. 1-декабрь, 2021-жыл.

4-декабрь, саат 9:00га карай БШКга 2490 шайлоо участогунан саналып бүткөн добуштардын жыйынтыгы серверге киргизилди. Дагы төрт участоктон келе элек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

Ага ылайык, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 99.84% кол менен саналды.

Бул маалыматтарга ылайык, партиялык шайлоо системасы менен “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 17.11% , “Ишеним” 13.46%, “Ынтымак” 10.86% , “Альянс” 8.21% , “Бүтүн Кыргызстан” 6.99% , “Ыйман Нуру” 6.09% добушка ээ.

Мыйзам боюнча добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күндүн ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланат.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо өттү. Аралаш системада өткөн шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп атап, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. Бузулуунун чоо-жайын териштирип жатканы айтылган УКМК азырынча маалымат бере элек.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% тегерегинде болду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG