Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:12

"Манас" эпосунун күнү белгиленүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 4-декабрда "Манас" эпосунун күнүнө арналган салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жатат. Бул иш-чара манасчылар Назаркул Сейдракмановдун 70, Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгы менен биргеликте белгиленүүдө.

Кечеде юбиляр манасчылар президенттик саат менен сыйланды.

"Манас" эпосу "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтигинен турат. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1920-жылдары жаздырылып алынган 19 миң саптан турган жана манасчы Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 миңден ашуун саптан турганы классикалык варианты болуп саналат.

2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

Быйыл октябрь айынын башында мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры түзүлүп, токтомго Министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Театрды манасчы Азиз Биймырза жетектейт. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG