Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

АКШ президенти Жо Байден Украинага байланыштуу Орусияга эскертүү берди


Жо Байден.
Жо Байден.

Орусия Украина менен чек арасында аскерлеринин күчтөнтүп жатканына байланыштуу Жо Байден Москванын Украинага каршы чабуулун "кыйынчылык кошторун" эскертти.

"Мен Путин мырзага бул кадамга баруусуна аябай жолтоо боло турган бардык демилгелерди бириктирип чогултам", - деди Байден журналисттерге.

Эскертүү Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакынкы күндөрү видеобайланыш аркылуу жолугушуусу күтүлүп жаткан учурга туш келди.

Вашингтон менен Киев Москва Украинанын чек арасына жакын жерде он миңдеген аскерлерин топтоп жатканын айтышууда.

Айрым эксперттер Орусия чек арага аскер топтоо менен НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишине байланыштуу өч алып жатышы ыктымалдыгын айтышты.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган жана соңку жети жылда 13 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган жаңжалда Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп келет.

Washington Post гезити 3-декабрда америкалык аткаминерге жана чалгындоо кызматынын жашыруун документине шилтеме жасап, Орусия келерки жылдын башында эле 175 миң аскерин камтыган көп фронттук чабуулду пландаштырышы мүмкүн деп жазды.

Украина жана Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинага жакын чек арага аскерлерди жайгаштырып, чабуулга даярданууда деп айыптоодо.

Кремл АКШнын геосаясий оюндарына Украинаны тартканы оор кесепеттерге алып келип, Москваны жооп кайтарууга аргасыз кыларын билдирген.

XS
SM
MD
LG