Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Орусия дагы төрт журналистти "тыңчылардын" катарына кошту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Юстиция министрлиги Idel.Реалии сайты менен кызматташкан Алина Григорьеваны, Андрей Григорьевди, Регина Хисамованы жана Регина Гималованы чет өлкөлүк "тыңчылардын" катарына кошту.

"Тыңчылардын" катарына коммерциялык эмес, аскер кызматкерлеринин жана жоокерлердин укугун коргогон "Жаран. Аскер. Укук" ассоциациясы да кирген.

"Тыңчылардын" тизмесинде жалпы 103 адам жана мекеме бар. The Insider, "Медуза", "Дождь" телеканалы, "Маанилүү окуялар" жана Bellingcat сыяктуу көз карандысыз иликтөөчү долбоорлор да кошулган.

Быйыл сентябрь айында Орусиядагы 150дөн ашык басма сөз каражаттары, бейөкмөт уюмдар, кайрымдуулук уюмдары "чет элдик тыңчы" деген мыйзамды жокко чыгарууну жактаган 257 миң кол топтогон.

Орусиянын Ички иштер министрлиги мыйзам күчүндө кала берерин, болбосо Батыш "жазасыз" калгандай сезим болорун билдирген. Федерациялык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко мыйзамга тактоолорду киргизүүгө мүмкүн экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG