Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 22:15

2021-жыл: Орусиядагы мигранттардын жашоосунда эмне өзгөрдү?


Иллюстрация сүрөт.

2021-жылдын аягында Орусиянын аткаминерлери менен саясатчылары мигранттар тууралуу арбын кеп кылышты. "Келгиндердин аз болгону жакшы, уруш-жаңжалдын көбүн ушулар чыгарышат", "аларды кылдат текшерүүдөн өткөрүп, сүрөтүн тартып, генин аныктап каттоого алып коюш керек" деген сыяктуу сөздөр, сунуштар телеканалдар менен маалымат жыйындарында байма-бай айтылды.

Миграция боюнча эксперттердин эсине 2010-жылдын башындагы келгиндерди кодулоо учуру түшүп, бул уу-дуу кеп барып-келип эле "Орусия эмгек мигранттары жок жашай алабы, аларды киргизбей койсо эмне болот?" деген суроого такалууда. Агылган эмгек мигранттарын биротоло токтотуп коюу тууралуу сөз деле жок.

"Көңүлү келбестин оокаты"

2021-жылдын жайынан тарта мигранттар менен аларга карата бийликтин өкүмдөрү тууралуу жаңылыктар маалымат кызматтарынан түшө элек. Жайында мигранттар ортосундагы уруш-мушташтар тууралуу кабарлар маалымдоо каражаттарында жайнап чыга баштаган. Июлдун соңунда уруш-талаштарга Орусиянын ИИМи баа бере баштады:

"Чет элдик жарандардын мыйзамга туура келбеген аракеттери зордук-зомбулуктар менен коштолуп, жөнжай адамдардын жашоо-турмушу менен коопсуздугуна коркунуч келтире баштады".

Мекеме жарандардын укугун коргош үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн иш-чаралардын баарын колдоно тургандыгын ырастап, урушка катышкандыгы үчүн кармалгандардын баарын Орусияга экинчи келгис кылып чыгарууга киришти.

Тарых илимдеринин доктору, Санкт Петербургдагы Европа университетинин профессору Сергей Абашин августта маалымдоо каражаттарында мигранттардын мушташы тууралуу кабарлардын үзгүлтүксүз жарыяланып турушун Мамлекеттик думага шайлоо алдында жагдайды курчутуу үчүн атайын жасалган иш катары сыпаттады.

"Мен муну шайлоо алдындагы популизмге байланыштуу нерсе деп ойлойм. Эсиме 2013-жыл түштү, Москва шаар башчысын шайлоо алдында миграцияга каршы тема маалымдоо каражаттарынан түшпөгөн темага айланып, бардык партиялар мигранттардын кереги жок деп чыгышкан. Ал толкун шайлоодон кийин да бир-эки ай чамасында кайра-кайра айтылып, анан өзү эле токтолгон".

Юридика илимдеринин кандидаты, миграция маселелери боюнча юрист Роман Степанов бул тармактагы 10 жылдык тажрыйбасына таянып, мигранттар ортосундагы уруш-талаштар дайым болуп келаткандыгын белгилейт.

"Азыр аны баса көрсөтүп, маалымдоо каражаттарынын биринчи бетине чыгарып калышты, а бул башка иш ".

Степанов антимиграциялык уу-дуу күчөгөнгө чейинки жагдайды эске салды. Апаат тушунда Орусиядагы мигранттар үчүн бир топ шарттар жеңилдетилген. Тактап айтканда, 2020-жылдын мартынан тарта президенттин № 274-жарлыгы иштеген, ага ылайык мигранттардын убактылуу жүрүшү же такай жашоосунун мөөнөтү узартылган. Буга кошумча ИИМ буйруктарын чыгарып, мигранттарга салыштырмалуу жеңил шарттар каралган. Атап айтканда, убактысы өтүп кеткен документтер менен жүргөндүгү үчүн кармоого тыюу салынган. Анан 15-июнда президенттин № 374 жарлыгы чыккан, ага ылайык мигранттарды өлкөдөн чыгарып жиберүүгө, ошондой эле Орусияга кирүүгө чектөө коюуга тыюу салынган.

"Балээнин баары 30-сентябрдан тарта башталды, – дейт Степанов. – Чыгарып жиберүү, депортация боюнча кайрылуулар аябай көбөйүп кетти деп айталбайм, кишилер чочулап, кантип мыйзамдаштырууну ойлоно башташты".

Юрист жагдайды биротоло жаман жагына ооп кетти деп эсептебейт. Бирок да бийликтин мигранттарга мамилеси жалаң уу-дуу менен эле чектелбей, 2021-жылы кыйла катаалдашып кеткенин белгилейт.

"Жагдай жаман жагына ооп жатканы факт – мигранттар турмушун маалымат каражаттарында чагылдыруу, орусиялыктардын мигранттарга мамилеси кантип өзгөрүп баратканына басым кылуу жагынан мунун баары билинип эле турат. Буга чейин мынчалык ачык кодулоо байкалбады эле, башында бир болгон. Акыркысы 2010-жылы билинди окшойт. Азыр да ошол эле уу-дуу уланууда, болгону аны мамлекет да кайталоодо".

“Башка cапаттагы адамдар": аткаминерлердин мигранттарга пикири

Орусиядагы Борбор Азиядан барган мигранттар.
Орусиядагы Борбор Азиядан барган мигранттар.

Мамлекеттик бийлик өкүлдөрү – Москва шаар башчысынын орун басарларынан тарта Орусиянын тергөө кызматынын башчысына дейре шайлоо өткөндөн кийин деле мигранттарды кеп кылуусун токтотушпады, мурдагысынан кайра күчөштү. Күзгө чейин саясатчылардын оозунан мигранттар жетишсиздиги түшпөдү.

Маселен, вице-премьер Марат Хуснуллин Орусияга миллионго жакын куруучулар жетишпестигин айтып, өкмөт аларды курулуштарга темир жол аркылуу ташып келүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген.

А бирок андан бир нече ай өткөндөн кийин Москванын курулуш тармагын тейлеген вице-мэри Андрей Бочкарев баш калаа бийлиги курулуштардагы кол күчүнүн жетишпестигин жок кылуу планын даярдап жатканын, ал ишке аша турган болсо эмгек мигранттарын курулушка тартуунун кажети деле жок болуп каларын билдирди. Кийинчерээк ал башка өлкөлөрдөн келген адамдарсыз куруу иштерин жөнгө салуунун кези кайсы убактан башталарын ачыкка чыгарды, баш калаа ашып барса эки-үч жыл ичинде курулуш тармагын сырттан жардам албай бүткөрүүгө киришет экен.

Бочкаревдун айтканына ынансак, ушу тапта курулуш тармагында сырттан келгендердин үлүшү 20%-60% чейин. Мигранттардын ордуна курулуш ишине орусиялыктарды тартып, алардын айлыгын көбөйтүп, ишти механикалаштыруу планын түзүшүүдө.

Ноябрдын ортосунда Москвадагы курулуштарда иштеген мигранттардын санын кыскартуу чакырыгын башкалаа башчысы Сергей Собянин таштады. Анын “адамдардын сапаты” тууралуу билдирүүсү маанилүү жаңылык катары жар салынды.

"Башка сапаттагы адамдар керек, аларга башка айлык акы коюлсун, мигранттарды азайтуу керек, азыр алар бизде өрүп жүрүшөт. Жакынкы аймактарда жашаган орусиялыктарды бул ишке тарткыла, алардын айлыгын көбүрөөк коюп бергиле, шартын түзгүлө".

Төрт күндөн кийин Собянин айтылган сөзүнө түшүндүрмө берди. Анын айтуусунда москвалыктар менен Орусиянын башка аймактарынан келгендер – мигранттарга салыштырмалуу "башка деңгээлдеги иш билгилер", ага улай Москванын курулуштарында иштеген мигранттар пандемиянын айынан эки эседен көбүрөөк азайып кеткенин ырастады.

25-ноябрда Москванын мэри коммуналдык турак жай тармагында иштеген мигранттардын санын азайтуу зарылдыгын айтты.

"Биздин ири шаардык коммуналдык ишканаларда мигранттар дээрлик жок. Алар мамлекеттик бюджеттик мекемелердин турак жайларында, короо шыпыргыч, кара жумуш, айлыгы аз төлөнчү гана жерлерде иштешет. А бирок, ошол жерлерде да, менин оюмча, пайдалана турган резервдер бар", – деп билдирди Собянин.

Башка аткаминерлердин оозунан мигранттар арасындагы кылмыштуулук деген тема түшпөйт. Маселен, 1-ноябрда Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин жакынкы өлкөлөрдөн Орусияга кирип жаткан эмгек мигранттарынын арасында “криминалдык элементтердин” кирип кетпешинен сактануу үчүн милдеттүү генетикалык каттоодон өткөрүү тартибин киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Орусия федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрага орунбасары Дмитрий Медведев 29-ноябрда Орусияда миграциялык этникалык анклавдардын түзүлүшүнө жол бербөө чакырыгын таштады, андай жерлер “кылмыштуулукту жайылтуучу жайлар болуп каларын” эскертти:

"Биздин өлкөдө көптөгөн чет элдик жарандар жүрүү мөөнөтү аяктаганына карабай ээн-жайкын жүрүшөт. Алар мамлекеттик түзүмдөрдүн көзөмөлүнөн сыртта калышууда, алардын көбү өз мекендештерин кылмыштуу иштерге тартышат, андайларды ар кыл экстремисттик жана террордук уюмдар катарына кошуп алышат, көп эл катышкан жаңжалдарга, уруштарга кирип кетишет", – деп билдирди Медведев.

Орусияга мигранттар керек эмеспи?

Профессор Сергей Абашиндин ырасташынча, мындай билдирүүлөр шайлоодон кийинки көнүмүш кеп-сөздөргө окшобойт, 2013-жылы ошондой болгон. Эксперт бул ирет ЛДПР лидери Владимир Жириновскийге окшоп оозуна келгенди оттой берчү оомал-төкмөл саясатчы эмес, жогорку бийликтеги аткаминерлер Собянин, Бастрыкин, Медведевдин чыгышы ойлонтуп жатканын белгилейт.

"Бул кандайдыр бир саясий, идеологиялык сыдыргы жолго окшошуп турат. Эмнеге байланыштуу экендигин так айтыш кыйын. Жазында эле мындай билдирүүлөрдүн ыты-жыты жок болчу, атүгүл вице-премьерлердин бири бизге эмгек мигранттары жетишпейт, алардын өлкөгө кирүүсүн жеңилдетүү керек деп билдирген болчу. Анан эле минтип саясий линия кескин өзгөрүлүп отурат ", – дейт Абашин.

Орусиянын эмгек рыногунда миграцияны кыскартуунун эч кандай реалдуу негиздери жоктугун эксперттер айтышат:

"Жергиликтүү бийлик билермандары мигранттар санын кыскартыш керек деп канчалык сайрап турушпасын мамлекеттин расмий мамилеси, дегеле процесстин өзү барып-келип миграция саясатынын концепциясына такалат, – дейт юрист Роман Степанов. – Концепцияда мигранттар санын курулуштар менен турак-жай чарбасында азайтуу деген жок. Азыркы уу-дуу кептин баары утурумдук, ишке ашпас, тек популисттик бакырчаактардын аяк-башы жок билдирүүлөрү гана".

Москвадагы миграция борбору. Сентябрь, 2021-жыл.
Москвадагы миграция борбору. Сентябрь, 2021-жыл.

Степановдун пикиринде, келгиндердин келиш-коюшуна системдүү таасир көрсөтүү жаатында кеп кылганда, турак-жай коммуналдык кызматтагы адамдардын санын кыскартып коюш мүмкүн эмес, ал үчүн башка тармактардагы адамдар санын кобөйтүш керек: "

Бир нерсени баштардан мурун бардык багыттарда ишти комплекстүү баштоо зарыл. Курулуштагы адамдар санын азайтышса алар башка тармакка өтүшөт. Сан эч качан азайбайт, тек белгилүү сандагы адамдар отчеттуулук менен бакырчаак сөздөрү жок башка тармакка агылып өтүшөт", – деп белгилейт юрист.

Ломоносов атындагы ММУнун экономика факультетинин лаборатория башчысы Ольга Чудиновских ОРТга берген маегинде, Москва аткаминерлеринин планы реалдуулуктан ат чабым алыс экенин белгилеп, анын артынан ыкчам практикалык иш-аракеттердин башталышы кыйын экендигин белгиледи. Ал Орусиянын башка аймагынан кимдир бирөө Москвага келип короо шыпырганга макул болоруна ишенбейт:

"Аймактарда Москвага жетерлик артыкбаш жумушчу күчтөрү жыйналып калганына мен ишене бербейм, алар жылуу үйүн таштап, шарты начар жерге келип иштөөсү кыйын".

Чудиновских пандемия учурунда мигранттардын бир тобу кетип калгандан кийинки Москванын курулуш жана башка тармактарына “Орусиянын жарандары жабыла келип кара жумуш иштөөгө анчалык деле кызыкпастыгын” көрсөткөнүн белгиледи. Эксперттин пикиринде, мигранттар орусиялыктардын жумуш ордун ээлеп алды деген апыртма кептер "ойлоп табылган" оосар сөздөрдүн бири. Анын айтуусунда, орусиялыктар "мигранттар жон териси менен белин жоорутуп көтөрүп келаткан оор жүктү алгысы келбейт ".

Роман Степанов орусиялык аткминерлердин курулушта иштегендердин айлык акысын көтөрсө орустар ал жерге жабылып келишет деген көңүлток билдирүүсүнө да ишенбейт.

"Жөн эле бир математикалык өзгөрүү: сандарды көбөйтүп койсо, орусиялыкар жабылып келе калышат деген апыртма бул жерге жарабайт. Кеп иштин комплекстүү шарттары жөнүндө болушу керек. Аябагандай чоң өзгөрүүлөр, эмгек кодексине чейин камтылган жаңыча шарттар каралышы абзел, орусиялыктар ошол ишке чындап кызыга тургандай шарттар түзүлүшү керек. Мүмкүн аймактардан кимдир бирөөлөр келиши ыктымал, а бирок биздин жарандардын менталитети таптакыр башкача. Мигранттар унчукпай иштеп аткан короо шыпыргычтын акчасын аябай көтөргөндө да ал жердеги шартка орусиялыктардын чыдашы кыйын ", – дейт эксперт.

"Миграция буга чейин кандай болсо ошондой боло берет, мигранттар курулуш менен турак жай чарбасында буга чейин кандай иштеп келишсе ошентип иштей беришет, – дейт Сергей Абашин. – Эми укуктук статус жагынан көз будамайлык жасашы мүмкүн, же мигранттарды иш берүүчүлөр аркылуу каттап, ал жерде келгиндер иштебейт деп өздөрүн жооткотушу мүмкүн. Бул эми жакында белгилүү компаниялардын биринин топ-менежери “ташып жеткирүүчүлөр арасында мигранттар аз эле” дегендей кеп да. Ташып жеткирүүчүлөр жалаң мигранттар экенин биз көрүп жатабыз, ал болсо байкабаптыр".

Патент дагы кымбаттады

Орусиядагы ар бир мигрантка тикелей тиешеси бар ноябрдын дагы бир жаңылыгын айта кетели – патент (иштөөгө берилчү уруксат кагаз) баасы көтөрүлгөнү жарыя кылынды, болгондо да 11% кымбаттаптыр.

2022-жылдын 1-январынан тарта патент баасы 559 рублга көтөрүлөт, ушу тапта патент баасы айына 5900 рубль (2020-жылы патент баасы өзгөрбөдү). Чет элдик документин каттатыш үчүн дагы 14 600 рубль акча төлөйт (буга медициналык күбөлөндүрүү, орус тилин билүү сынагы, ыктыярдуу медициналык камсыздоо, анан документти толтуруунун баасы кирет). Петербургда патент 200 рублга кымбаттап, эмки баасы 4200 рублга көтөрүлөт.

Москва өкмөтүнүн министри, баш калаанын өнүгүүсү жана экономикалык саясат департаментинин жетекчиси Кирилл Пуртов патенттин кымбатташ себебин 2021-жылдын биринчи жарымында эмгек мигранттары көбүрөөк иштеген тармактар – курулуш менен турак жай чарбасында эмгек акынын өлчөмү 2020-жылга салыштырмалуу 9,5% көбөйүшүнө байланыштырды. Патент акысынын көбөйүшү мигранттар үчүн салык өлчөмүнүн теңделишине жана орусиялык эмгек рыногундагы жумушчу орундарды коргоого багытталып, бюджеттин кошумча кирешеси 1,7 миллиард рублды түзөт.

Сергей Абашин мындай аракет экономикалык чечимден улам чыкканын белгилейт:

“Орточо айлык көтөрүлдүбү – биз да патент акыны көтөрөбүз, а бирок бул жерде саясий ийкемдүүлүк жетишпейт: мындай кадамды азыр жасабаш керек эле же мынчалык кымбаттатыштын зарылдыгы жок болчу”, - дейт эксперт.

"Патент акысын көтөрүүнүн себеп-жөнүн түшүндүрүүгө келгенде бийликтегилер бул ишти 2020-жылы жасабаганын айтышат, кысталыш кезеңде патентке тийишпегенин, эми болсо экономикалык жагдай жакшырып, чет элдиктер көбүрөөк акча ала башташканын айтууга өтүштү,– дейт Роман Степанов.

– “Кыйлага чейин тийбедик, эми гана өзгөртүп жатабыз” деген позиция бийликтегилерге негиздүүдөй сезилет. Пандемиядан кийинки убакта мен болсом кымбаттатпайт элем – азыр андай убакыт эмес. Мындай мамилеси аркылуу бийликтегилер чет элдиктердин айрым бөлүктөрүнүн көмүскө иштөөсүнө жол ачат. Бул жерге көбү акыркы тыйынын сарптап эптеп келишет, алар үчүн 600 рубль деле чоң акча, эми алар өзү үчүн бир топ нерселерден баш тартышат".

Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Орусияга эмгек миграциясына документтерди даярдоо. Октябрь, 2021-жыл.
Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Орусияга эмгек миграциясына документтерди даярдоо. Октябрь, 2021-жыл.

ВИЧ анализдери жана дактилоскопия: мигранттарга жаңылык

Патент баасы көтөрүлөргө эки күн калганда Орусияга кирүүнүн эрежелери да өзгөрөт: 2021-жылдын 29-декабрына тарта үч айдан ашуун убакытка келген чет элдиктер бармак изин тапшырып, баңгиликке берилбегенин, инфекциясы жогун, ВИЧ менен оорубаганын ырасташы керек.

Роман Степановдун айтуусунда, дактилоскопия – ИИМдин өзгөчө үмүт арткан кызыкчылыгы, оорунун жоктугун ырастоо Роспотребнадзорду кызыктырчу тармак:

"ИИМдин мыйзам бузуучуну аныктоо мүмкүнчүлүктөрү толтура (маалыматтар базасы, кармап алуу) , ал эми Роспотребнадзордун кызыкчылыгын жараткан ВИЧ дартын жуктуруп алгандарды аныктоо медициналык мекемелер аркылуу гана ишке ашчу жөрөлгө. ВИЧ дартына кабылган мигрант (патентти каттатуу учурун эсепке албаганда) өзү тууралуу маалымат жайылып кетишин каалабай, медициналык мекемелерге барбайт деле. Ал эми 29-декабрдан тарта баарын медициналык мекемеге жөнөтүшөт, жашырын дартты жарыялоо күчөйт".

Степанов юрист катары Орусияга ВИЧ менен ооруган мигранттардын кирүү маселеси менен да алектенет. Анын иш тажрыйбасында кийинки жылдары айыкпас дартка чалдыккандардан кайрылуулар көп түшүүдө, андайлар Борбор Азия менен Украинадан келгендер арасында негизинен бирдей (эмнеликтен эки жерде тең көп экени дартка чалдыккандардын көптүгүндө эмес, бул жерлерден жеңилдетилген схема боюнча жарандык алгандар арбын болгондуктан ачыкка чыгып калууда). Орусияда миграциялык мыйзамдар ВИЧ дартына чалдыккандарга жеңилдик бербейт, бейтап дарылануудан өтүп жатса да аны жерине кайтарып ийүүгө мыйзам жол берет.

"Дартка чалдыкканды аныктоо оңой эле. Медиктер аныктап маалымат Роспотребнадзорго жөнөтүлөт, болду оорулуу адам эч качан Орусияга кире албайт, жолу жабылат", – дейт Степанов. Анын айтуусунда, жыл аягында киргизилчү жаңы эрежеден кийин бул маселени сот аркылуу чечүүнү каалагандар көбөйөт.

Сергей Абашиндин ырасташынча, бийликтегилер ооруну таркатчу кишилерди көргүсү келбейт, аларды дарылоо керек, ошон үчүн аларды иргеп келтирбей коюу тууралуу чечим кабыл алышкан.

"Бирок, иш жүзүндө мына ушундай техникалык чечимдер жалпы миграцияга тескери натыйжа бергенден башкага жарабайт".

Дактилоскопия жайында айтсак, ал Орусияга кириш үчүн паспортун алмаштырган мигранттарга оорчулук жаратат. Ноябрдын соңунда «Озоди» радиосу Орусиядан чыгарылган Тажикстандын 270 миң ашуун жарандарынын теңине жакыны паспортун алмаштырып кайрылып келишкенин маалымдаган. Жаңы паспорт алыш үчүн аты менен атасынын атын өзгөртө коюш жалгыз эле Тажикстанда кездешпейт. Орусияга кирүүнүн бир жолу катары андай ыкманы мисалы, Кыргызстанда да колдонушат.

Ушунчалык көп адамдын кайра кириш үчүн паспортун алмаштыруусу эксперттерде бир топ суроолорду жаратат. Мигранттар арасында ушундай жосун бардыгын, Орусияга кайра кириш үчүн паспортун алмаштырган учурлары болорун юрист Роман Степанов да ырастайт.

"Кирүүгө тыюу салууну сот аркылуу гана өзгөртүүгө болот, ал үчүн ынанымдуу негиз болуш керек, андай негиз көпчүлүк мигранттарда жок. Ошондуктан практикада бул маселе: “Эгер маалыматтарды өзгөртүп койсом эмне болот?” суроосуна барып такалат. Мигранттын кайра келүүсүнө жол жабылып калганда ушундай аракетке өтүшөт. Мен дайыма Орусия федерациясынын Кылмыш кодексинин 322-беренесин айтам – “Орусиянын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү”. Кармалгандар кадимкидей эркинен ажыратылып абакка отургузулат, андай адамдарга өмүр бою өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат".

Степанов чет элдиктердин массалык түрдө паспортторун алмаштыруусу 2012 – 2013-жылдарга туура келерин эстейт, ушул кезден тарта Орусиянын ИИМ мигранттарды көпчүлүк учурда киргизбей коюуга өткөн, ошол эле кезде чек арадан өтүш үчүн маалыматтарды өзгөрткөндөрдү катаң текшерүүгө алчу эмес. 2017-жылдан тарта ИИМ менен ФКК технологиялык системасын өркүндөтүп, “жаңы” паспорт менен келгендерди көбүрөөк аныктай баштаган.

"322-берене боюнча кылмыш иши козголгон чет элдик жарандар өзүнчө бир агымы пайда болду. Азыр андай маселе менен миграциялык юристтерге кайрылуу жаңылык деле болбой калды", – дейт Роман Степанов.

"29-декабрдан тарта ИИМ базасында чогултулган маалыматтар турат, кийинки жылдары база кыйла жакшыртылды, анда бармактын тагы да сакталат. Паспортун алмаштырып алган адамдардын баарын аныктоо башталат, себеп дегенде, адамдардын баары дактилоскопиядан өтүшөт. Анан, билип эле турам, жоопкерчиликке тартуулар күчөйт, документтер толтурулбайт, Орусияда жүрүү мөөнөтүн кыскартуулар башталат", – дейт юрист.

"Келгиндерди арасат кармоо"

Чет элдиктерди дактилоскопиядан өткөрүүнү, ошондой эле ВИЧ тестин тапшыруу жөрөлгөлөрүн Сергей Абашин мигранттарга каршы уу-дууга байланыштырбайт, бармак изин сактап туруу зарылдыгы буга чейин эле айтылып келген. 2016-жылы ИИМ Орусияга кирген чет элдиктерди милдеттүү түрдө дактилоскопиядан өткөрүүнү пландаган. Бармак изин сактап туруу жөрөлгөсү 2017-жылы башталышы керек эле, бирок ал болбой калган, себеби жөнөкөй эле бул ишке кошумча каражат талап кылынган.

Жаңы эреже мигранттар үчүн ачык болбостугун эксперт атайын белгилейт. "Орусиянын миграциялык режими чет элдиктерди арабөк абалда кармап турууга негизделген, – дейт Абашин. – Бардык мыйзамдар опсуз шарттар менен бекем чырмалгандыктан жөрөлгөлөрдү так, айкын-ачык сактоо мүмкүнчүлүгү жок, ошондуктан мигранттардын баарынын документтеринде проблема болот: каттоосу туура эмес же кийинки күн менен толтурулганы ачыкка чыгып калат, маалыматтар так көрсөтүлбөй калган – андайда аны жарандыктан (да) чыгарып коюшат ".

Эксперттин айтуусунда, мыйзамсыз мигранттардын болушу саясатчыларга аябай керек: мисалы, “эртең, шарттуу алсак, Тажикстанды жазалагысы келген” адамга абдан керек, мигранттарын жеринен чыгара баштайт. Кээде тескерисинче, жумушчу кол керек болгондо же коңшулар менен мамиле жакшырып кетсе Орусия мунапыс жарыялап иет да “бир убакта жүз миңдеген адамдарды мыйзамдаштырып коёт”.

Мигранттардын абалын арасат кылып, эртеңкисин бүдөмүктөнткөн, ансыз да оор жагдайды ансайын күчөткөн нормативдик актылардын арасында иштеп жаткан “Орусиядан чыгуу жана кирүү тартиби жөнүндөгү” мыйзамды белгилөөгө болот.

Бул мыйзам боюнча үч жылдын ичинде эки ирет мааниси анча деле эмес административдик жоопкерчиликке тартылган адам беш жылга чейин Орусияга кирүү укугунан ажыратылат. Укук коргоочулар кыйла жылдардан бери ушул пунктту алып коюуну сунуштап келатышат: мына ушул пункт мисал үчүн, адамдарды документтерин алмаштырууга мажбурлайт, эгер мыйзамда алдагыдай норма болбосо эч ким документин алмаштырууга умтулбайт болчу.

"Мигранттар ар кандай жагдайдан чыгып кетүүнүн жолун тапкан адамдар, жагдайга ыкчам аралашып, тоскоолдуктардан чыгуунун жолдорун таап алышат. Андайга мамлекет кылмыш белгисин чаптап койгон. Мигранттар башка жолдорду да таап алышат. Бул өзү сырты жабык айланма жол – Орусияда алгач мыйзам кабыл алып, жарыбаган жорук үчүн кирүүгө тыюу салып коёт. Мигранттар андан чыгуунун жолу катары тыюуну кыйгап өтүш үчүн паспортун алмаштырып алышат. Эми болсо дактилоскопиянын жардамы менен сырттан кирчү тешикти таап алгандарга кылмыш жазасын чектеп отурушат. Ушундай акылсыз репрессиялык мыйзамдар адамдарды эрежени бузууга түртөт, аны акылы кем адамдар олуттуу мыйзам бузуу катары катары эсептеп жаза чектешүүдө ", – дейт Сергей Абашин.

Роман Степанов Орусиядагы миграция тууралуу жаңы мыйзам болбогон эки тартип бузуучулукка негизденип өлкөдөн сыртка чыгарып жиберүү коркунучун жок кыларын айтып берди. Бирок аны жакын арада кабыл алышпайт.

"Бул миграция тууралуу жаңы мыйзамда бекитилген. Ушу тапта иштеп жаткан үч мыйзамдын ордуна ("Чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды эсепке киргизүү тууралуу”, “Орусиядан чыгуу жана кирүүнүн тартиби жөнүндө” жана "Орусиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө”) бир чоң мыйзам иштейт. Анда эки административдик жоруктан улам өлкөгө кирүүгө тыюу салуу болбойт. Маселе башкада, бул мыйзамды кабыл алуу 2024-жылга белгиленген", – дейт Степанов.

Сергей Абашин ушу таптагы саясаттын баары 2024-жылдын айланасына топтолуп, Орусия президентинин кайра шайлануусуна же башка бир адамдын ал кызматка келишине байланыштуу болуп турат, деген пикирде:

"Саясий талааны толук тазалап, мигранттарды болушунча азайтуу чечими кабыл алынышы деле толук мүмкүн, мигранттар калктын кыжырын кайнатчу проблемага айланууда, аны оппозиция же азыркы бийликке каршы турган чет элдик күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. Башкача айтканда, көшөгө артында сүйлөнгөн кеп-сөздөрдү аткаминерлер ачыкка чыгарып жатышы деле ыктымал".

"Мен мынабулардын билдирүүлөрүн (Собянин, Бастрыкин, Медведевдин) мигранттардан улам чыккан кайсы бир саясий чечимдерге байланыштырам – аларды болушунча чектөө же тартипти катуулатуу чараларын ошондой ойлойм", – дейт Абашин. Ал эми мигранттар тууралуу даярдалып жаткан мыйзам, Абашиндин пикиринде, эмгек мигранттарынын абалын оорлоткондон башкага жарабайт.

Ошол эле мезгилде Роман Степанов токтолбогон уу-дуу кептерге карабай, азыркы шартты “мигранттарды кысмакка алуу катары карабаш керек” деген ойдо.

"Бизде канткен күндө да чет элдиктер үчүн кыйла жакшы шарт бар. Чет элдиктердин мыйзамдуу иштөөсүнө мүмкүндүк берилди. Мыйзамдуу иштөөгө реалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү, канча кишилерге көмөктөштүк, алардын көбү жарандык алууга жетишти. Бирок ошол эле кезде алардын көбү мүмкүндүктү пайдаланышпады, “жыргал” турмуш такай болуп турат деп ойлошту. Эми алар репрессияга туш келишет ", – дейт юрист.

"Мен жагдай кантсе да ирээттешип баратат деген ойдомун. Саясий жагынан эмес. Мыйзам кандай өзгөрүлүп баратканын көрүп жатам. Мындан беш жыл мурунку жагдайга салыштырганда, укуктук позициядан алганда аз-аздан ыраатка салынып баратат. Бирок буга ортодон чыга калган саясий билдирүүлөр чоң тоскоолдук кылат. Анын баары жалпы контексттин ыраатын бузуп коюуда, андайларды эмне үчүн жасап жатышкандарына түшүнбөйм”, – дейт Роман Степанов.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG