Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Агайларды мектептен качырган аз айлык


Кыргызстан, Чоң Алайдагы мектеп.

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин 85% аялдар түзөт. Эркектердин мугалимдик кесипти аз аркалашын айлык менен түшүндүрүп келишет.

Чолпон Ашырбекова Ысык-Көл облусундагы мектептердин биринде 12 жылдан бери орус тил, адабиятынан билим берет. Ашырбекова мугалимдик кесипти аркалаган үй-бүлөнүн келини, өз ишин сүйгөн адис. Ал ары кызыктуу жана түйшүктүү мугалимдик ишинин бир күнүн сүрөттөп берди.

Чолпон Ашырбекова.
Чолпон Ашырбекова.

"Аял киши үчүн үй-бүлөнү жана мугалимдик ишти бирге алып кетүү абдан оор экен. Айлык аз. Ал үчүн сени жакындарың колдоп, жардам берип турушу керек. Мисалы, менин төрт балам бар. Андан тышкары беш класска же 150 окуучуга сабак берем. 30 окуучунун класс жетекчисимин. Алар үйүнөн качан чыгып, качан кайтарын мен көзөмөлгө алышым керек. Эртең мененки саат 8ден кечки алтыга чейин иштеп, кечинде үйгө барып 100-150 дептер текшерем. Менин үй оокатына деле убактым болбой калат. Аны бүтүрүп коюп, "Саламатсызбы, жакшы калыла!" дегенге чейин күндөлүк иш планымды колго жазып чыгышым керек. Сабакка даярданып, керектүү куралдардын сүрөтүн тартып, боёп чыгам. Үйдө компьютер же принтер жок. Кыскасы, ишим ушундай түйшүк менен коштолот".

Жакында эле KG Analytics интеллектуалдык фонду тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө мугалимдердин саны жана көйгөйлөрү айтылды. Иликтөөгө ылайык, Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жалпы 82 миң мугалим иштейт, алардын 85% аялдар.

"Жыл сайын өлкөдө эки миңдей мугалим жетишпейт. Өзгөчө башталгыч класс, орус тили, математика, физика мугалимдери тартыш. Кыргызстанда мугалим болуп иштөө абройлуу эмес. 30 жашка чейинки мугалимдердин саны 10% ашпайт", - деп көрсөтүлгөн изилдөөдө.

Социолог Топчугүл Шайдуллаева мугалимдик кесипти көбүнчө аялдар аркалаганын кыргыз коомундагы түшүнүктөр менен байланыштырды:

Топчугүл Шайдуллаева.
Топчугүл Шайдуллаева.

"Педагогикалык окуу жайларда көбүнчө кыздар окуйт. Буга "кыз киши гана мугалим болот " деген стереотип көз караштар да себеп болушу мүмкүн. Ошол эле кезде кыз киши турмушка чыккандан кийин ишсиз калбасын деп, мугалимдик кесипке окутушат. Дагы бир себеп, аял киши эне катары бала тарбиялап, окутуп, таалим тарбия бергенге жакын. Демек, аялдар көбү өз тандоосу менен да бул кесипти аркалашы мүмкүн".

Улуттук статистика комитетинин маалыматында шаардагы мектептерде бир мугалимге орточо жыйырма, айылдарда он беш окуучу туура келет. Кыргызстанда бир класста 30дан ашык окуучу окуган учурлар да көп кездешет. Мындай көрүнүш ири шаарларда, жаңы конуштарда байкалары айтылып келет.

Ушул айдын башында "Жылдын мыкты мугалими" республикалык сынагын утуп алган мугалим Илгиз Шамурзаев өзү иштеген жамаатта эркек мугалимдер өтө аз экенин айтты.

"Бизде аял мугалимдер көп. Аларга үй түйшүгүн да жүктөп койгонбуз. Аялдар кайсы бирине жетишет? Жаш бүтүрүүчүлөрдү мектепке сыймык менен бара тургандай абал жаратышыбыз керекпиз. Аларда энергия, убакыт жетиштүү. Дымагы күчтүү жаштарды ушул кесипке тартуу билим берүүнүн сапатын дагы көтөрмөк".

Илгиз Шамурзаев жогорудагы иликтөөдө сөз болгондой Кыргызстандагы 15% эркек мугалимдердин бири. Адистер агайлардын билим берүу мекемелерде аз болушун айлыктан көрөт.

Конфликт талдоочу, гендер боюнча адис Асел Азитегин адатта аз сандагы эркек мугалимдер жетектөөчү кызматтарды ээлерин белгиледи:

"Эркектер аз болсо да директор же башкаруучу кызматтарда болушат. Так илимдер математика же физикадан сабак бергендерди көрүүгө болот. Эркектер аз, башталгыч класттарда алар такыр жокко эсе. Мунун башкы себеби, айлыктын аздыгы. Ошондуктан эркектердин көбү ишин таштап ишкерлик менен алектенип кетет".

Кыргызстанда орточо айлык 19 миң сомдун тегерегинде. Ал эми мугалимдердин маянасы орточо айлыкка да жетпейт. Башкача айтканда 15 миңдин гана тегерегинде. 2020-жылы билим берүү тармагындагы орточо айлык 14 764 сомду түзгөн.

Баткен шаарындагы "Тамга" негизги жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими Санжар Абдинабиев агайларды мектепке жогору айлык коюп гана тартса болот деп эсептейт:

Санжар Абдинабиев.
Санжар Абдинабиев.

"Биздин мектепте эркек мугалимдер салыштырмалуу көп эле. Өзүм кыргыз тил, адабияты сабагынан берем. Алган акчам жетет деп айта албайм. Анткени, эркек киши үй-бүлөсүн татыктуу багыш керек. Ошондуктан агайларды мектеп тартуунун бирден бир жолу айлык маянасын көтөрүү".

Мектеп окуучуларга эркек мугалимдердин тарбиясы сөзсүз керек экенин “Интеллект” билим берүү борборунун башкы директору Жакшылык Матанов да белгиледи. Ал эркек кишинин бала тарбиялоодогу ордуна токтолуп өттү:

"Ички жана тышкы миграция, ажырашуулардан улам балдардын көбү аталык тарбияны көрбөй өсүп жатат. Ушундан улам эркек мугалимдер абдан керек. Көп балдар чечкинсиз болуп чоңоюп жатат. Мисалы, Түркияда агайлар абдан көп. Алар сабак бергенден тышкары жүрүм-туруму, жашоого болгон көз карашынын калыптанышына жардам бере алат. Бирок бизде эркектердин көбү бала тарбиялоого даяр эмес. Аларды даярдаган атайын окуу жайлар да жок. Ошондуктан азыр эркек мугалим дегенде эле дене тарбиядан же сүрөттөн берген агайды элестетебиз. Директор же эркек болушу мүмкүн. Ал эми бир классты жетектеп, толук ага көңүл бурган агайлар жокко эсе".

Буга чейин министрлер кабинетин бекитип жатканда парламентте бюджеттик кызматкерлер, анын ичинде мугалимдердин айлык маселеси да көтөрүлгөн.

Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Акылбек Жапаров 2022-жылды мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатуудан баштарын айткан.

"Президент Садыр Нургожоевич "мугалимдердин айлыгын эки эсе көтөрөсүң" деген тапшырма берген. Кийинки жылы бюджетти 400 миллиард сомго жеткирүү максатыбыз бар. Ошон үчүн фискалдаштыруу, контрабанданы жоюу, көмүскө акчаны ирээттеп алышыбыз керек. Келерки жылы биринчи кварталдын динамикасын көрүп, мүмкүнчүлүк болсо биринчи эле мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз. Кыздардан "кимге турмушка чыгасың?" десе "мугалимге" деген деңгээлге чейин чыгаруу планыбыз бар", - деп жооп берген.

Өлкө боюнча 2296 жалпы билим берүү мекемелери бар. Кыргызстандын мектептеринде 2 миңден ашуун мугалим жетпей турганы айтылган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG