Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:19

Караколдо 5-кабаттан секирген өспүрүм кыз аман калды 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бешинчи кабаттан боюн таштаган 16 жаштагы кыз аман калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 13-декабрдан 14-декабрга караган түнү болгон. 16 жаштагы өспүрүм Караколдогу көп кабаттуу үйлөрдүн чатырына чыгып, секирген.

Облустук оорукананын дарыгерлери кыздын абалы жакшы экенин, оор жараат албаганын кошумчалаган. Кыз эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.

27-октябрда Бишкектин Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши тараптагы курулуштун үстүндө 22 жаштагы жигит бир нече саат туруп, боюн таштаган.

Ош шаарында 29-октябрда Джим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 10-кабатынан секирүүгө аракеттенип жаткан 1986-жылкы аял кишини куткарып калышкан.

Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнү байкалууда. Суицид боюнча Борбор Азияда Казакстан биринчи орунда, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG