Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

"Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы" аттуу улуттук холдинг түзүлдү


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен "Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы" улуттук холдинг компаниясы ачык акционердик коомун түздү.

Холдингдин түзүүчүсү Финансы министрлиги аталса, уставдык капиталы 100 млн. сом өлчөмүндө белгиленген.

Маалыматта холдингдин капиталы 2022-жылы 1 млрд. сомго чейин жеткирилери айтылат.

Бул чечим президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы "Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.

"Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы" улуттук холдинг компаниясы ачык акционердик коомун түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат", - деп айтылат өкмөттүн сайтындагы маалыматта.

Президент Садыр Жапаровдун ишке киришкенден кийинки алгачкы жарлыктарынын бири тоо-кен тармагын реформалоого багытталган.

Кыргыз тарап быйыл май айынан бери Кумтөргө сырттан башкаруу киргизип, көзөмөлдөп жатат.

22-сентябрда азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” “Кумтөр Голдду” кыргыз тарап башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн, өлкө 62 миллион доллардай киреше алганын айтып берген. Ал эми 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөрдөн Кыргызстан 90 миллион доллар тапканын айткан. (МТа)

XS
SM
MD
LG