Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Ишкерди уурдаган чуулгандуу кылмыш


Кылмышка шектүүлөр
Кылмышка шектүүлөр

Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстанда чет элдик ишкерди уурдап, 3 миллион доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалганын жарыялады. Маалыматка ылайык, арасында милиция кызматкери, маалымат каражатында иштеп кеткендер да бар.

Курч сюжеттүү тасманы эске салган окуя тууралуу Улуттук коопсуздук комитети 11-декабрда маалымат таратты. Анда өлкөдө чет элдик ишкерди уурдап, 3 миллион доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганы кабарланды. Алардын арасында милиция кызматкери да бар. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 1-декабрда Бишкекке учуп келген түрк ишкерин “Манас” аэропортунан документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, ошол жердеги милиция бөлүмүнө алып келишкен.

Аны тапанча менен коркутуп, бардык баалуу буюмдарын тартып алышкан. Андан соң башына баштык кийгизип борбордогу үйлөрдүн бирине алып барып, беш күн кармашкан.

УКМК уурдоону уюштурган жаран түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталганын кабарлоодо. Дал ушул адам кылмышты пландап, кийин өзү барымтадагы адамга жардам бергендей түр көрсөткөн деп шек саналууда.

Кылмышка шектүү катары төрт жаран камакка алынды. Алардын арасында Чүй милициясына караштуу “Манас” аэропортундагы аба транспорт башкармалыгынын башчысы, ошондой эле, социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу, Ош шаарынын тургуну Бегимай Жоробекова да бар.

Интернетте Сезимай Жунусова деген ат менен таанымал бул адам буга чейин спорттук басылмаларда кабарчы, айрым партиялардын шайлоо штабдарында иштеген.

Милиция кызматкеринин изи

"Манас" аэропортунун жетекчилиги жана Ички иштер министрлиги окуянын чоо-жайы, кармалган милиция кызматкери тууралуу кенен маалымат берүүдөн баш тартты.

Ал эми кармалгандардын бири Бегимай Жоробекованын тааныштары, айрым кесиптештери социалдык тармактарга утур-утур билдирүүлөрдү жазып, анын бул ишке кокусунан кириптер болгонун айтышууда. Алардын бири Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева өлкө жетекчилигине кайрылып, Жоробекованы үй камагына чыгарууну суранды.

Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев окуянын чоо-жайы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

"Сезимай (Бегимай Жоробекова-ред) менин шакиртим болот. Ал камалар алдында мага телефон чалып окуянын чоо-жайын кыскача түшүндүргөнгө жетишти. Анын айтымында, Нияз аттуу жигит "аласамды ала албай жүрөм, милиция таанышың барбы" деп кайрылган экен. Бул кыз жакшы ой менен эле бир милиция таанышы менен аталган жигитти тааныштырган экен. Андан соң аталган милиция аркылуу айтылып жаткан кылмыш ишти ишке ашырганбы, ал мага белгисиз. Бирок Сезимайды эч кабарсыз эле жүргөн жеринен кармап кетишиптир. Бөгөт чарасын карап, эки айга камашты. Азыр адвокат жалдап, Бишкек шаардык сотуна кайрылганы жатабыз".

Оштогу журналисттер бул иште шектүү катары кармалган Нияз аттуу жигит да буга чейин маалымат каражаттарында эмгектенгенин, кийин спорт тармагына аралашканын айтып беришти.

Ошентип, мыйзамды сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшөт деген милиция кызматкери аралашкан окуя коомчулукта коопсуздукка байланыштуу талкууларга кайрадан жем таштады. Анткени, үч жолу күч менен бийлик кулатылып, олку-солку кырдаал Кыргызстанда жарандардын, алардын ичинде инвесторлордун коопсуздугуна байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп келет.

Коркунучтуу коңгуроо

Бийлик инвесторлор үчүн "бейиштей жай" түзүлгөнүн жар салып, аларды өлкөгө чакырып келет.

Экономика жаатындагы эксперт Темирбек Ажыкулов соңку окуяны өтө опурталдуу коңгуроо деп сыпаттайт. Анын айтымында, мындай шартта сырттан инвестор келмек тургай өлкө жарандары өз коопсуздугуна ишенбегендей абал түзүлөт.

"Бул абдан коркунучтуу коңгуроо. Сырттан келмек тургай, ички инвесторго чейин таасирин тийгизет. Демек, формачандар ушундай ишке аралашып жатса башаламандык улана берет экен дегенди билдирет".

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары Абдывахап Нурбаев милиция жакшы тазаланбаганы үчүн акыркы окуялар катталып жатканына токтолду.

"Укук коргоо органдары ичинен тазаланышы керек. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөп, коопсуздукту камсыздоочу адамдар ушундай ишке барып жатса кандай болот? Алардын тазаланышы үчүн коомчулук, жарандык коом көзөмөлгө алып турушу керек. Бирок соңку учурда мындай активдүүлүк төмөндөп жатат".

Кыргызстанда соңку бир нече жылдан бери ички иштер органдарын реформалоо маселеси күн тартибинен түшпөй келет. Өлкө жетекчилигине келген ар бир бийлик укук коргоо системасын өзгөртүүгө убада берет. Бирок анын жыйынтыгы сезилбей жатканын көз карандысыз эксперттер белгилешет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG