Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

COVID-19:  Бир  суткада үч киши каза болду


14-декабрга карата Кыргызстанда 36 адам COVID-19 вирусун жуктурганы лабораториялык жактан аныкталды.

Оорудан Бишкек шаарында үч киши каза болду, ушуну менен вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2 773кө жетти.

Оору жугузгандардын көбү Бишкек шаарында, жана Чүй облусунда. Ош, Ысык-Көл облустарында үчтөн кишиде бул дарт аныкталган. Башка аймактарда илдетти жугузгандар катталган эмес.

Былтыр марттан бери бул ооруну жуктуруп алган 184 027 адам катталды. Анын ичинен 179 080 адам дартты жеңген.

Азыркы тапта өлкө боюнча 688 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 321и ооруканада болсо, 367 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 14-декабрга карата 1 млн. 165 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 947 миңден ашууну эки дозаны сайдырышты.

Вакцина бир адамга эки дозада берилет, аралыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG