Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

41 жаштагы аялды өлтүрүүгө шек саналып жолдошу кармалды


Сокулук районунда аялдын өлүмүнө шек саналып анын жолдошу кармалганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Башкармалыктан билдиришкендей 13-декабрда аймактык ооруканага денесинен ар түрдүү жараат алган бир аял жеткирилген. Ал эсине келбей каза болгон.

Окуя болгон жерде ыкчам тергөө топ жүргүзгөн териштирүү учурунда 1980-жылы туулган К.Э. денесинен алган ар түрдүү жарааттан улам көз жумган. Бул кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык
кодексинин 130-беренеси (Саламаттыкка оор зыян келтирүү) боюнча
катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шек саналып каза болгон аялдын күйөөсү 1973-жылы туулган Б.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мас абалында уруша кетип, жыйынтыгында жубайы алган жарааттарынан улам каза болгон.

Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Расмий маалыматтарда 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталган. Бул былтыркыга караганда 30% көп. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG