Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

"Орусияга кетем". Элет жаштарын кыйнаган жумушсуздук


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү жумушсуздардын саны кыскарып жатканын билдирди. Расмий эсепте ишсиздер калктын жумушка жарамдуу катмарынын 5% жакынын түзөт. Эл аралык изилдөөлөрдөгү көрсөткүч дээрлик эки эсе көп.

Өлкөдөгү жумушсуздуктун үч негизги себеби бар: кесипкөй адистердин жетишсиздиги, айлыктын аздыгы жана коррупция.

"Айла жоктон Орусияга кетем"

Баткен облусунун Дара кыштагынын тургуну Ирлан Абдиев Орусияга иштегени бармакчы. Москвадагы теракттан кийин ал жакка барбай туруу керек деген маалыматты уккан, бирок Ирландын башка айласы жок. Айылында тапканы тиричиликке жетпейт.

"Арык казып, тал-терек бутап, тамарканы даярдап койдук. Башка иш калбады. Орусияга кеткенден башка жол жок. Азыр Баткенге барып, самолетко билет караштырам", - дейт ал.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда жумуш издегендердин саны 65,1 миң киши деп эсептелип, былтыркыдан 12% азайганын билдирди.

Бул 2024-жылдын 1-мартына карата иш издеп жүргөндөрдүн расмий каттоого алынган эсеби. Ал эми Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосунун негизинде жумушсуз деп саналган, бирок иш издеп каттоого турбагандарды кошкондо, 131 600 адамды түзөт. Алардын 44,3% аялдар.


Аталган министрликтин Иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси Наргиза Түркебекова мындай маалымат берди:

"Иш менен камсыздоого көмөктөшүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жумуш берүүчүлөр ай сайын биздин аймактардагы бөлүмдөргө бош орундар тууралуу маалымат берет. Тилекке каршы, жумуш издеп каттоого тургандардын көбүнүн кесиби жок. Быйыл жыл башынан бери 16 миңден ашуун жаранды жумушка орноштурдук. Бул былтыркыдан 6% жогору. Жарандарды кыска мөөнөттүү курстарга окутуп, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатабыз".

Өкмөт бош орундар менен таанышуу жана жумуш издеп каттоого туруу үчүн маалыматтарды "Түндүк" санарип платформасына да жайгаштырган.

Бирок Аксы районунун тургуну, азыр Орусиянын Тюмень калаасында иштеп жүргөн Калысбек Зайырбеков беш жылдан бери туулган жеринде эле иштейин деген аракетинен майнап чыкпай жатканын айтты:

"Кесибим боюнча электр монтаждоочумун. Орто билимим бар. Дипломум менен өзүбүз жактагы гидроэлектр станцияга жумушка кирүүгө баргам. Бирок таанышың жок болсо, ишке орношуу өтө кыйын. Же сол чөнтөккө акча сунуш керек. Акча жоктугунан ишке кире албадым. Мени менен чогуу окуган 38 жигиттин экөө гана райондук электр станцияда иштеп жатат, калганы чет өлкөгө миграцияга кетти".

Көрсөткүчтөгү айырма

Статистика комитетинин маалыматында, Кыргызстандагы жумушсуздардын теңинен көбү Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарына туура келет. Расмий эсепте өлкөдөгү жалпы ишсиздик деңгээли жумушка жарамдуу катмардын 5% жакынын түзөт. Ал эми Эл аралык валюта фондунун былтыркы маалыматында 9% экени белгиленген.

29-февралда Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмунун тапшырмасы боюнча SIAR изилдөө-консалтинг компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы чыккан. Анда Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири жумушсуздук экени айтылган.


“Сиз жана үй-бүлөңүз үчүн кайсы көйгөй эң олуттуу болуп саналат?” деген суроого көпчүлүк “жумушсуздук” деп жооп берген. Аталган уюмдун былтыркы сурамжылоосунда жумушсуздук жеке көйгөй экенин айткандар 15% болсо, быйыл 25% түзгөн. Жумушсуздук шаардыктарга караганда айыл жергесинде көбүрөөк курч экени көрүнөт, тагыраагы, бул көрсөткүч 29% жетет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эсеби боюнча 7 миллион калкы бар Кыргызстанда жумушка жарамдуулардын саны - 2 миллион 712 миң киши. Алардын 2 миллион 581 миңинин иш бар деп эсептелет.

Чет элдиктерге квота

Аталган министрлик Кыргызстанда тигүүчү, куруучу, ширетүүчү өңдүү кесип ээлерине талап өскөнүн белгилейт. Бирок эмгек акынын аздыгы жарандарды башка мамлекеттерге иш издеп кетүүгө аргасыз кылууда. Алардын ордун Кытай, Пакистан жана Өзбекстандан келген мигранттар ээлеп жатат. Кыргыз өкмөтү быйыл чет элдиктерге 25 миң квота сунуштады.

Экономист Эркин Абдыразаков мамлекет өз жарандарын инвестиция тартылып ачылган завод-фабрикаларда ишке орношуусуна шарт түзүп бериши керек деп эсептейт:

"Көптөгөн мекеме-ишканалар ачылганы тууралуу маалымат берилүүдө. Ал жактарда кимдер иштеп жатат? Аны анализ кылышабы? Эреже боюнча инвестиция тартылып ачылган ишканаларда 90% кыргызстандыктар иштеши керек. Калган 10% - жетекчилик, өзгөчө адистикти талап кылган орундарга инвестиция салган уюм өзү чет элдиктерди тарта алат. Бирок аны эч ким текшербейт, ким акча берсе, толук кожоюн болуп алат".

Ар кандай эсеп боюнча өлкөнүн миллиондон ашуун жараны чет мамлекеттерде, негизинен Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Евразия экономикалык биримдигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун документтерине ылайык, чет өлкөдө иштеп, мекенине акча жөнөткөндөр жумушсуз деп саналбайт.

Ал арада макаланын башында сүйлөгөн баткендик Ирлан Орусияга билет тапты. Апрелдин этегинде Москвага иштегени кетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG