Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Профессор Абдыкадыр Садыков дүйнөдөн кайтты


Абдыкадыр Садыков.
Абдыкадыр Садыков.

Кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, өлкөгө эмгеги сиңген ишмер, бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси Абдыкадыр Садыков 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Буга байланыштуу президенттик аппарат некролог жарыялады.

Анда: "Абдыкадыр Садыков 1933-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында туулган. 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда, Маяковский атындагы кыз-келиндердин педагогикалык институтунда окуучу, илимий кызматкер болуп иштеген. Кийинчерээк Илимдер академиясынын тил институтунда жетекчилик кызматтарда иштеген. Абдыкадыр Садыков 400дөн ашуун илимий эмгектердин, 100дөн ашуун китептин автору. Айрым чыгармалары 10дон ашуун тилге которулган. СССРдин жана Кыргызстандын бир катар мамлекеттик сыйлыктарынын ээси. Абдыкадыр Садыковдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, деп жазылган.

Некрологго президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, өкмөт башчы Кубатбек Боронов баштаган мамлекеттик жетекчилер, кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү кол койгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG