Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

Арманда кетти бир акын...


Мукан Асаналиев.
Мукан Асаналиев.

Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты, акын-котормочу Мукан Асаналиев 73 жашында дүйнө салды.

Ал кыргыз акындарынын чыгармаларын англис, орус тилдерине, чет элдик акындардын чыгармаларын кыргыз тилине оодарган таланттуу котормочу катары белгилүү эле. Мындан сырткары Асаналиев Курманжан датка көркөм фильмин англис тилинде сүйлөткөн.

Өмүрдүн өтүп жатат жылы тынбай,
Эстесем кое албаймын улутунбай.
Достуктун күчү деген ушул белем,
Жүрөсүң жүрөгүмдө унутулбай
.


Жан элең жазгы Күндөй күйүп турган,
Жарыгы тегерекке тийип турган.
Жолдош көп, өзүң жоксуң арасында,
Адамдык касиети бийик турган
...”, - деп жазган экен акын Мукан Асаналиев “Белек” аттуу китебинде көзү өтүп кеткен досторунун бирине арнап.

Замандаштары Мукан Асаналиевди “өз муунундагы акын-жазуучуларга такыр окшобогон, көркөм табити, таланты жагынан өзгөчөлөнгөн уникалдуу инсан эле”, - деп эскеришет.

Маркум заманбап жаштар менен тең жарышып, орус жана англис тилинде изденген, Байрондон тарта азыркы муундагы адабият өкүлдөрүнүн ырларын үч тилде сүйлөткөн калемгер эле. Бул тууралуу адабиятчы Садык Алахан кеп салды.

- Мукан Асаналиев экөөбүз соңку 15-20 жылда тыгыз байланышта болдук. Ал киши учурунда биздин улуттук университеттен чет тилдер факультетин бүтүп, бир топ жыл башка кызматтарда иштеп жүрдү. Акыркы кезде котормочулукка келип, болгондо да англис тилинен кыргыз тилине тикелей которуу ишин колго алып, бир топ жакшы натыйжаларды жаратты десек болот.

Мукан Асаналиев 1947-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1965-жылы аскерге кетип, чалгынчылар отрядына кошулуп, котормочулар курсунан англис тилин окуп калат. Мындан улам чет тилдерге кызыгуусу артып, аскерден келгенден кийин ЖОЖдон англис тили факультетин аяктап, эмгек жолун жогорку окуу жайларда англис тилинен сабак берүүдөн баштайт.

1996-жылы “Сорос” фондусунун котормочулар конкурсуна катышып, Англияга барып бир жыл жашап, котормочулук боюнча бир топ тажрыйба топтоого жетишет.

Маркумдун калемдеши, илимпоз педагог, акын-котормочу Айгүл Элебесова Асаналиев котормочулук өнөрүн арттыруу үчүн чейрек кылым эмгектенип келгенин кеп кылды.

- 90-жылдардын ортосунда “Сорос” фонду Чолпон-Атада котормочулардын семинарын өткөрүп калды. Мукан агайды биринчи жолу ошондо көргөм. Андан бери мен бул кишини мыкты көркөм сөз чебери, мыкты котормочу катары билем. Калемдеш катары тааныш болуп, Жазуучулар союзунан жолугушуп жүрдүк. Даталуу күндөрдө чогуу отуруп калганда ал дасторкондун көркүн ачып койчу.

Дайыма шатыра-шатман, жарык маанайда жүргөн, тамашакөй калемгер чет элдик акындардын ырларын кыргыз тилине, кыргыз акындарынан Алыкул, Мидин, Байдылдадан баштап азыркы муундагы акын-жазуучуларга чейин сексенге чукул калемгерлердин чыгармаларын англис тилине которгон.

Акыркы кезде кыргыздын белдүү акындары Сагын Акматбекованын, Анатай Өмүркановдун, Акбар Рыскуловдун, Эгемберди Эрматовдун, Төлөгөн Мамеевдин ар биринин 20дай ырын тандап алып, орус жана англис тилдерине оодарган.

Мындан сырткары ал жеке чыгармачылык менен да иштеп, жакында эле орус, англис, кыргыз тилинде “Белек” аттуу чакан, алакандай ыр жыйнагын чыгарган болчу.

Аталган китеп тууралуу адабиятчы Садык Алахан буларды белгиледи:

- Мукан аганын көп жылдан берки көркөм толгонууларынын натыйжасында, дүйнөлүк адабиятты мыкты билип, тажырыйба алгандыгынын натыйжасында жаралган китеп десек болот. Ырлары чынында нукура турмуштук ойлорго, санааларга, кубанычтарга толгон. Мисалы “Көрүстөн” аттуу ырында турмуштун оопасыздыгын, жашоонун көз ирмемдей кыскалыгын чебер көрсөткөн. Мындай ырлар анын жыйнагында өтө көп.

Адабиятчы Мукан Асаналиевдин мүмкүнчүлүгү толук ачылбай, эмгеги бааланбай, китептери өз убагында чыкпай келгени котормо жанры аксап турганынан кабар берет деп белгиледи.

Кийинки муундагы котормочулардын бири Фарида Исанова калемдешин эскерип жатып, учур адабиятындагы көркөм котормого болгон бүгүнкү мамиле тууралуу кеп салды.

- Союз учурунда котормочулардын чоң мектеби болгон. Бүгүнкү күндө котормочулар өзүнүн татыктуу баасын албай келет. Мисалы, чыгармачылыкта “ой, силер акын-жазуучунун даяр чыгармасын которуп жатасыңар да, аны кайра жазган жоксуңар” дешет. Экинчи жагынан котормо биздин тилге болгон мамилебизди да билдирет. Мисалы, кайсы бир тексти кыргыз тилинен башка бир тилдерге которсок, ал эмгегибиз жогору бааланат. Ошол эле тексти кыргызчалай турган болсок анда ага арзыбаган акы төлөнөт, - деди Фарида Исанова.

Мукан Асаналиев көп жылдардан бери “Манас” эпосун англис тилине которууну демилгелеп, өзү орус тилине которууну баштаганын айтып жүргөн.

Маркумдун сөөгү 4-январда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилди.

"Азаттык" радиосунун жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG