Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 16:01

Боорукер акындын дүйнөсү


Гүлсайра Момунова.

83 жашка келгенде Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова акка моюн сунду.

Чыгармачылыкка өзгөчө берешендик менен мамиле кылган социализм заманында, кийинки эгемендик тушунда Гүлсайра Момунова колунан калемин түшүрбөй, өмүрүн чыгармачылыкка арнаган.

Гүлсайра Момунова Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында 1937-жылы жарык дүйнөгө келген. Акындын өзүнүн окурмандары менен жолугушууларынын биринде апасынын сөзмөр, көркөм сөзгө жакындыгын айтканы бар. Мына ушул жагдайдан улам, анан да табиятынан ырга жакын сезимтал кыз орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзеге келип, кыз-келиндер институтуна кирген. В.Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институтун 1960-жылы аяктап, «Советтик Кыргызстан» гезитине кызматка орношкон. Кийин аялдар журналында, басмада иштеп, адабий чыгармачылыкка баш-оту менен кирип кеткен.

Айтса, Бишкектин чок ортосундагы бак-шактуу кең көчөнү бойлой жайгашкан кыз-келиндер институтунан бир топ акындар чыккан. Ал жерде студент кезден чыгармачылыкка киришүүгө, улуу муундагы акын-жазуучулар менен жолугуп, кеп-кеңеш алууга шарты мыкты болчу, басылмалардын баары институтка жакын эле.

Адабиятка кызыгып, акын болсом деп эңсеп жүргөн кыздын чыгармачылыкка аралашуусу 1960-жылдарга туш келген. Ал кезде сталиндик жаалы катуу бийликтин тизгини азыноолак тартылып, куугун-сүргүн токтоп, совет коому хрущевдук заманда салыштырмалуу эркиндикке чыгып калган. Улут адабияты менен көркөм өнөрүнүн өзүнчө бир гүлдөө, жаңы ачылыштар доору башталган. Анын баары жаш акындын чыгармачылыкка биротоло баш байлашына, жаңы муундагы акындардын катарында өз жолун таап, активдеги авторлордун катарына киришине шарт түзгөн.

1964-жылы Гүлсайра Момунованын тун жыйнагы «Тилек» деген аталышта чыккан. Андан бери 20дан ашуун китептерин чыгарып, бир топ коомдук уюмдардын сыйлыктарына, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамына татыктуу болду.

Социализм заманында акын-жазуучулардын кыйналбай жашашына кадыресе шарт түзүлгөнү менен калем кармагандын текши баарын коммунисттик идеологиянын жоокери, социалисттик идеяны, көз карашты, позицияны таратуучулар катары эсептешчү. Коммунизмдин артыкчылыгын, капитализмдин бечаралыгын ашкерелөө, жаңы коомду куруп жаткан совет элинин талыкпаган эмгеги, бекем достугу, улуу Лениндин идеялары жамы дүйнөгө тарап баратканын жар салуу милдети коюлчу. Мына ушундай пафостуу ырларды Гүлсайра Момунова да арбын жазган. Айрыкча анын эмгек баатырларын даңазалаган, социалисттик достукту мактаган, ошондой эле үй-бүлө баалуулуктарын, эне менен баланын сүйүүсүн даңктаган чыгармалары арбын.

1960-жылдары кыргыз поэзиясында формалык изденүүлөрүнүн, салттуу ыкмалар менен стилдерди жерип, туюнтуунун жаңыча жолдорун табуу аракети күчтүү эле. Сүйүнбай Эралиев, Майрамкан Абылкасымова, Сооронбай Жусуев, Рамис Рыскулов, Омор Султанов сындуу акындардын эркин, ак ырга оошу, жаңычылдык менен салттуу форманын карым-катышына арналган талкуулар жалаң акындардын эле эмес, окурмандардын да кызыгуусун туудуруп, талаш-тартыштар көп жүрчү. Гүлсайра Момунова башка калемдештеринин жолоюна түшүп, стилдик-формалык изденүү абыгерчилигин деле тарткан жок. Өзү көргөн-туйган нерселерин ырга кошуп, поэтикалык сөздүктү жаңылоочулар арасында деле жүрбөдү. Ал кезди Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков мындайча сыпаттайт:

Асан Жакшылыков.
Асан Жакшылыков.

«Кыргыз поэзиясында «кыздар поэзиясы» деп шарттуу аталган көрүнүш бар. Нинакан Жүндүбаева, Нуркамал Жетикашкаева эжелер баштаган жолду ортоңку муундан Субайылда Абдыкадырова, Майрамкан Абылкасымова, Мариям Буларкиева, Гүлсайра Момунова эжелерибиз совет доорунан бери келген элге таанылган адабиятыбызды өнүктүргөн. Гүлсайра Момунова кыргыз адабиятын жалпы союздук деңгээлге чыгарып, чеберчиликти өркүндөткөн кыздар поэзясынын башында турган эжелерибиздин бири болчу. Бул киши ырды кайсы темада болбосун кыйналбай-этпей шар жазып кеткен акын болчу. Мекенчил киши болчу. Республикабыздын өсүшүнө умтулар эле. Жаш акын кыздарга колунан келген көмөгүн көрсөтүп, бул ишке убакты-саатын аябай Умай энедей кызматын кылып жүрдү. Кесиптештерине, замандаштарына арноо жазып ийчү кызык чыгармачылык өнөрү бар эле».

Ар бир акындын башкалардан өзгөчөлөнгөн көркөм дүйнө таанымы, жан дүйнөсүнө жакын темасы болот. Гүлсайра Момунованын поэзиясында эне менен бала темасы өзгөчө орунда турат. Бала тапкан эненин сүйүнүчү менен сабыркоосу, кубанычы менен санаасы ырга салынат. Ага улай акын кыйналып-кысталып таап алган саптарын жаңыдан көз ачкан наристеге салыштырып иет. Анысын акындын «Ыр - Периштем» деген ырынын мисалында карап көрөлү:

Түшүмдөн да ырлар айтып ойгоном,

Ыр – Периштем, мени жалгыз койбогон.

Кайкып учпай калгансыймын канатсыз,

Калган күнү ыр саптары конбогон.

Өмүр бою ыр менен жашап, ансыз жашоо-турмушун элестете албаган калемгердин минтип айтышка акысы бар. Пенде баласын арбап алган ышкы канаттуу саптарга сыйбай, жакындаган сайын алыстаган ашуудай улам алыстай берет.

Гүлсайра Момунованын акындык, адамдык бейнеси кандай экенине Кыргыз улуттук жазуучулар биримдигинин төрагасы, акын Нурлан Калыбеков мындай баа берди:

Нурлан Калыбеков.
Нурлан Калыбеков.

«Гүлсайра эжебиз мээримдүү жан эле, «Мээримим адамдарга» деген ырлар циклы бар эле. Бирөөнүн ашына барабы, тоюна барабы, жакшылыгына барабы, жок дегенде 4-5 куплет, нары жагы 10-15 куплет ырын жазып алып барчу. Одалардын, арноолордун, анан мынабу кошок жанрынын профессионал адабиятка жуурулган акыны эле. Жаш кезинде жазган сонун лирикасы бар эле».

Ырга деген ышкынын жыргалы да, азабы да болорун, ага арбалган адамды эгизиндей ээрчитип алчу жалындуу ой-сезим калемди колго алдыртып, чыгармачылык илхамды алдыга чыгарып коёрун Гүлсайра Момунова туура белгилеген. Ошондон улам жакшы ыр жазса «бир наристе төрөлгөндөй» кубанып, жазбай калса кайгыга түшүп, муңайып отуруп жатпайбы. Бекеринен ал:

Сени менен сездим терең бул жашоонун жыргалын,

Сени менен таттым чексиз ырахатын дүйнөнүн.

Торгой сымал жүрөгүмдөн канат кагып ырларым,

Оо, Ата Журт, кумарлана көрк, келбетин ырдадым.

Улам жаңы үнгө салып, улам мукам күүгө салып,

Оо, адамдар, замандаштар, келет сени ырдагым! – деп ырдабагандыр. Бул Гүлсайра Момунованын жалпы акындык дүйнөсүнүн ачкычы. Ал өзү да бул жарыкчылыктан кеткенче «арыдым, талыдым» дебей Атажуртунун көрк-келбетин ырга кошуп, замандаштарынын жакшы иштерине ыраазылык билдирип өттү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG