Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Момунова: Калыстык изилденбей калды


"Бүлөң жайрап, үй-жайың бүт өрттөнүп, кан какшаган кезиң күбө эмеспи"
"Бүлөң жайрап, үй-жайың бүт өрттөнүп, кан какшаган кезиң күбө эмеспи"

Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова "Азаттыктын" Бишкек студиясына келип, "Эл үнү” берүүсүнө өткөн жылы Ош, Жалал-Абад облустарында болгон кандуу окуяны иликтеген эл аралык комиссиянын жыйынтыгына нааразы ырын окуп берди.

Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова:

Калыстыкты изилдегенбиз каяктан,
Себептерин түштүгүмдө кан аккан.
Эл аралык комиссия калп айтып,
Кайра биздин каныбызды кайнаткан.
Оо, калкым ай кимди тарттың калыска?
Үмүт арттың дили бөлөк алыска.
Ишенипсиң калыс айтып берет, деп.
Ал ишеничиң тийип турат намыска.
Түн жарымында уйкуңду ким бузду эле?
Аткан октон бир бооруң кан кусту эле.
Көз көрүнөө кескилеп да мазактап,
Кыздарыңдын кимдер башын жутту эле.
Ал күндөргө өзүң күбө эмеспи,
Көрүп турган көзүң күбө эмеспи.
Бүлөң жайрап, үй-жайың бүт өрттөнүп,
Кан какшаган кезиң күбө эмеспи.
Өрт чулганган Ошуң күбө эмеспи.
Карап турган досуң күбө эмеспи,
Кыргыз-өзбек бири-бирин бекитип,
Калкалашкан коңшуң күбө эмеспи.
Кадыржандын өзү далили эмеспи.
Бузукулук сөзү далил эмеспи.
Өзбек элин кан төгүүгө чакырып,
Курал берген кези далил эмеспи.
Комиссия менин оюң кыйшыкпы,
Сен айтпасаң элим айтат чындыкты.
Карап турган көздү бууп койгуң бар,
Элге жалаң көксөгөнүң кырсыкпы,
Катып салып акыйкаттын желегин.
Калкты кайра кайраштырсам деп турган,
Сенин ошол ташка тийсин тилегиң.

Мамат Ташиев, Жалал-Абад облусу: Азыркы кезде Ош окуясынын себептерин иликтеген ЖК депутаттарынын комиссиясынын отчетторун өткөндө телевизордон көрүп, ушундай бир ойго келдим: эгерде Убактылуу өкмөт, президент баш болуп Кадыржан Батыров менен эч кандай байланышы жок болсо, эмне үчүн ушул күнгө чейин Жалал-Абадда жана Сузак районунда жайгашкан Батыровдун бардык ишканаларын текшербейт?

Ал ишканалар жүз процент иштеп, акчаны которуп жатканын элдин баары кыжырдануу менен айтып жатышат. Андан сырткары мына Жалал-Абадда эле эки-үч ишканалары сузактык өзбек тектүү жарандарга которуп салганы айтылууда. Эмне үчүн ушуга Жогорку Кеңештин депутаттары бир тыюу сала албайт? Жок дегенде убактылуу болсо да тоңдуруп салса болот да.

Ривзан Исмаилова, Ош шаары: Мен Европанын беш мамлекетинде болуп келип, өзүмчө бир ойго кабылдым: биздин мамлекеттин эң бир кайгысы, ушунчалык туңгуйукка кептелишине себеп болгону бийликке болгон мамилеби деп калдым.

Эгерде биз бийликке болгон мамилени өзгөртпөсөк эч кандай өсүп-өнүгүү болбойт көрүнөт. Экинчиден, профессионалдык деңгээлди көтөрүш керек. Бийликтеги жетекчилер болобу, карапайым жумушчу болобу, көз карашыбызды, иш-аракеттерибизди жаңыча, заманбап алып барбасак алдыга жыла албайбыз.

Мисалы, бийликке болгон мамилени айта турган болсок, жетекчилик кызматка кандай адамдар келиши керек? Элге кооз сүйлөп, эл үчүн, мамлекет үчүн деген куру сөздөрдү токтотуп, чечкиндүү чараларды көрүп, реформаны ыкчам жүргүзүү зарыл.

Мына Грузия, Прибалтика, Монголия мурдагы системаны сындырып, жаңыча иштөөгө багыт албадыбы. Эмне үчүн кыргыз саясатчылары ушундай чечкиндүү чараларга бара албай жатышат? Себеби азыр да бийлик катмарында таеке-жээн, куда-сөөк, өң тааныштык бекем орун алып, коррупцияга белчесинен малынган.

Байыш Кутманов, Орто-Токой суу сактагычынын башкы инженери: Биздин Орто-Токойдо телефон байланышы өтө начар абалда. Орто-Токой стратегиялык маанилүү объект болгондон кийин өкмөт тарабынан ушул суу сактагычтын абалына да көңүл буруп коюшса жакшы болот эле.

Байланыш маселесине токтолсом, буга чейин "Бител" компаниясы, "Билайн" эптеп-септеп бир антенна коюп берип, кичине сырт менен байланыш болуп калды эле. Азыр ошол антеннасы иштебей калып, байланыш такыр эле болбой калды.

"Билайндын" кызматкерлери "Балкычы шаарынын мэриясы жер участогун бөлүп берсе эле антенна коюп берип, байланышты жакшыртабыз" дешет. Ушул маселени Балыкчы шаардык мэриясы болобу, Ысык-Көл облустук администрациясыбы, же өкмөтпү тез арада чечип берсе жакшы болот эле.

Эгерде “Эл үнү” берүүсүнө пикириңизди, сунушуңузду билдирем десеңиз, 31-61-65 номурлуу телефонго чалып, аты-жөнүңүздү айтып, автожоопко пикириңизди жаздырып коюңуз. Бирөөнү каралаган, аброюна шек келтирген же жалган маалыматтар эфирден чыгарылбайт.
XS
SM
MD
LG