Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Ошто кырдаал туруктуу


Ош шаарында жана Ош облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу билдирген күч түзүмдөрү коопсуздукка коркунуч келтире тургандай жагдайлар катталбагандыгын белгилешти. Бирок ага карабастан шаарда элдин агымы аз.

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө унаалардын жана жүргүнчүлөрдүн агымы адаттагыдан бир кыйла аз экендиги байкалат. Ошондой эле шаардагы коомдук тамактануучу жайлар, тейлөө жана кызмат көрсөтүү мекемелеринин көпчүлүгү жабык. Буга июнь каргашасынын бир жылдыгына байланыштуу ар кандай ушак-айыңдар себепчи болгондугу айтылууда.

Ош шаарынын өзбек тектүү тургуну Рахманжан Абидов кырдаалдын тынч экендигине карабастан чочулоо бар экендигин белгиледи:

- Азыр шаарда абал жакшы. Түн тынч, жакшы өттү. Аз-аздан жашоо өзүнүн нугуна түшүп бара жаткандыгы байкалат. Бирок мына ошол окуялардан жабыркаган адамдарда дагы деле чочулоолор бар. Анткени өткөн жылкы окуялар катуу таасир эткен. Ошондуктан азыр адамдар көчөгө коркуп, чыкпай жатышат.

Шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып жүрүп, кыргыз жана өзбек улуттундагы такси айдоочуларынын биргеликте жүргүнчү күтүп турганына күбө болдук. Алар мурда кандай болсо, ошондой эле биримдикте иштешип жатышканын айтышты.

Алардын бири, таксист Кабылбек Осмонов тынчтыкты сактоо үчүн адамдар алгач ушак-айыңдарга ишенбеш керек экендигине токтолду:

- Карапайым элдин, кыргызы болобу, же өзбек болобу ойлогону тынчтык. Буга чейин ар кандай имиштер чыгып, элдин ичинде тынчсызданууну жараткан эле. Бирок абалдын тынч болгондугун көрүшүп, элде бир кыйла ишеним пайда болду.

Таксисттер калктын ар түрдүү катмары менен түз карым-катышта болушуп, алардын маанайын байкап жүрүүчү кесиптин ээлери экендиги белгилүү.

Кээде жүргүнчүлөрдүн арасында улуттук белгиси боюнча бөлүп-жарып, айдоочуга тийишкен адамдар да кездешет.

Өзбек тектүү таксист Юсупжан Сайдуллаев андай адамдарды кыргыз кесиптештери тыйып турушаарын белгиледи:

- Кээде жаш балдардын арасынан айрымдары чыга калышып, “топуңду чечип, ыргыт” дешет. Бирок мен андай нерселерге көңүл бурбайм. Анткен менен мындай учурларда байкап калган бул жердеги таксисттер мага болушуп, аларды тилдеп, тыйып турушат. Эми ушундай көрүнүштөр 5-6 ай мурун көп болчу эле. Азыр андайлар байкалбайт.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов өткөн жылы каргашалуу окуялар болгон Ош жана Жалал-Абад аймактарында кырдаал тынч экендигин билдирди. 11-июнга карата коомдук коопсуздукту бузууга байланышкан мыйзам бузуулар катталган эмес.

Ошентсе да таксист Таалай Раимбеков күндүзгүгө караганда түнкүсүн жүргүнчү алып жүрүүдө кооптонуу бар экендигине токтолду:

- Күндүз эч нерсе байкалбайт. Шаардын каалаган жагына бара беребиз. Бирок түнкүсүн чындыгында эле биз үчүн маалелерге жүргүнчү алып баруу коркунучтуу.

Ошондуктан биз түнкүсүн өзбек маалелерине барбай эле, шаардын борбордук көчөлөрүндө жүрөбүз.


Өткөн жылкы июнь коогасынын бир жылдыгына байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагынын Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен чек ара тилкелеринде көзөмөл күчөтүлгөн. Буга байланыштуу чек ара сызыгын бойлой кошумча күчтөр койулгандыгы кабарланган болчу.

Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариева мамлекеттик чек арада абал туруктуу экендигин билдирди.
XS
SM
MD
LG