Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Ош: Кырдаал тынч, бирок кооптонуу бар


Ошто каргашанын бир жылдыгына карата коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. 11-июнь, 2011.
Ошто каргашанын бир жылдыгына карата коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. 11-июнь, 2011.

Кооганын жылдыгы эскерилген күнү Ош шаарында көчөгө чыккандардын саны күндөгүдөн аз болду. Ар жерде милиция, аскерлер көзгө урунат.

Өлкө жетекчилери катышкан былтыркы коогалаңдын курмандыктарын эскерүү жыйыны аяктаары менен калабада жакындары дайынсыз жоголгондор “Энелердин көз жашы” эстелигинин жанында нааразылык пикирлерин айтып чыгышты.

Шания Топчубаева набыт кеткендерди эскерүүгө чакырылбай калганы айтат:

- Соттор биздин балдарыбызды өлтүргөн кишилерди 5-6 жылга кесип жатат. 5 жылга камагыдай биздин балдарыбыз тооктон айырмасы жок болуп жатабы? Тоок жоготтукпу? Биринен өтүп, бири четинен коррупцияга аралашкан.

Ошону Отунбаевага айтып, көйгөйүбүздү жеткирели десек бизди бул жерге киргизбей коюшту. Биз алардын ашын жеп, же нанын тартып алмак белек? Өлгөндөрдү эскерип жатабыз дегенден кийин эмне үчүн каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун туугандары менен болбойбу? Бул эмне деген эскерүү?


Чогулгандардын дагы бири Абдилашим Данияров июнь каргашасына арналган “Энелердин көз жашы” эстелигине коогалаңда набыт болгондордун аттары жазылбай калганына нааразы болууда:

Абдилашим Данияров
- Бул эмне деген эстелик? Эмне үчүн өлгөндөрдүн аттары жазылбайт? Кимге келдик? Эмне деп айтабыз? Карагылачы, эч нерсе жок. Аты жок, болсо, ким өлгөнү белгисиз болсо куранды кимге окуп атабыз? Ташка окуп атабызбы?

Тартип коргоо органдарынын түшүндүрүү иштеринен кийин мында чогулгандар тынч тарап кетишти.

Анткен менен Ошто адамдар топтоло калса эле кабатырлангандар көп болууда. Күндөгүгө караганда көчөдө жүргөндөр да абдан аз. Айрым коомдук жайлар, кафе-ресторандар жана соода түйүндөрү ачылган жок.

Шейит-Дөбө кварталында сатуучу болуп иштеген Халида Тургунбаева бүгүн кардарсыз калганын айтты:

- Бүгүн эл көчөдө таптакыр жок. Кооптонгондон болуп жатат го. Күндө менин кардарларым көп болчу эле, мына азыр алган эч ким жок. Бир топ дүкөндөр, соода жайлары да жабык турат. Эми жакшы болуп кетсе керек.

Кандуу капсалаңдын жылдыгына карата Ошто аскер адамдарын кеңири көрүүгө болот. Шаардыктар болсо тартип сактоо органдарынан мурда эки эле бири-бирине көбүрөөк ишенип, кооптуу абалдан чыгып кетишээрин айтууда. Калаа тургуну Өмүрбек Эрмекбаев буларды айтты:

- Күч органдары жакшы иштеш керек дебеш керек. Адамдарың өздөрү бири-бирине ишениши керек. Кыргыз өзбекке, өзбек кыргызга ишениши керек. Анан бири-бирин түшүнүшү керек. Эгер эки эл бири-бирине ишенбесе, тартип коргоо органдарынын иштери бир тыйын болуп калат. Эл өзү каалабаса, аларың эч нерсени токтото албай калат.

“Алай” мейманканасы
Былтыркы кандуу окуялар мындан туура бир жыл мурун Ош шаарынын Араван кичирайонундагы “Алай” мейманканасынын алдында башталганы айтылып келет. Ошого байланыштуу да бул жердеги жатакананын студенттери айылдарына кетип калышкан экен.

Өзүн Алодин Мадаминова деп тааныштырган студенттин ата-энеси да кооптонуп, аны айылга тынбай чакырып жаткан экен:

- Менин ата-энем да телефон чалып, айылга кел деп жатат. Айылдарда дүрбөлөң болуп, ар кандай ушак сөздөр таркап жатат экен. Ошого да студенттердин көпчүлүгү кетип калышты. 2-3 күн мурда эле кетип калышкан. Мына биз эле калдык. Башка эч ким деле жок.

Ошто бүгүн түнү менен күч органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп алып бармакчы. Шаардын кире бериштеринде да 9 өткөрмө посттору коюлду.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG