Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Ойрон болгон тагдырлар


Шайыргүл Нарынбаева үй-бүлөсү менен
Шайыргүл Нарынбаева үй-бүлөсү менен

Былтыркы кандуу кагылыштардан 435 адам каза таап, 2244 адам жарадар болгон. Сөөктөрдүн 21и алигиче таанылбаган бойдон калууда. Кандуу окуяда каза болгондордун артында балдары жетим, аялдары жесир калды.

Айнуска Таавалдиева былтыркы коогалаңды ыйсыз эскере албайт. Окуусун жаңы эле бүтүп, дипломун алганы турган чырактай уулу Өмүрбекти так ошол кандуу күндөрү жоготуп алды:

- 10-июнь күнү уулум дипломун алганы келген эле. 12-июнь күнү байланыш үзүлгөн. Ошол боюнча кабарлашкан жокпуз. Бирөөлөрдүн айтымында, ал көчөдө баратканда аны бирөө автомат менен аткан экен, ошол жерде жыгылыптыр. Андан ары сүйрөп кирип кетишиптир. Бирөөнүн үйүнө кирбесе, бирөөгө тийишпесе аны кандай айбандар өлтүрдү? Балам чымчыкка да тийишпеген, чымчыкты да өлтүрө албаган бала эле…

Өмүрбек Ормонов жубайы менен
Өмүрбек Ормоновду Баткендин Кадамжай районунда калган ата-энеси, жубайы ошол бойдон көргөн жок. Мерт болгондон кийин төрөлгөн уулу да атасынын жүзүн билбей калды. “Эми артында калган баласына Өмүрбек өрнөк катары кала берет” деп түтөйт Айнуска:

- Университетте жакшы окучу. Жакшы окуганы үчүн 1-2-3-курста атайын жеңилдик берилген. Окутуучуларынын баары ага суктанып, дайыма мактап турушчу. Өлөт деп үч уктасам түшүмө кирген эмес экен. Мына эми дипломун колума алып келип беришти.

Аттестаты жалаң 5 эле. “Диплом алсам ишке кирем” деп сүйүнүп кеткен болчу. Уулунун да жүзүн көрбөй кетти. Эми неберем чоңойгондо “атам кана?” десе, эмне деп жооп берем?


Айнусканын айтымында, уулун өлтүргөндөр өз жазаларын эмдигиче алыша элек. “Сотторго таптакыр ишенбей калдым” деди ал ыйын токтото албай:

- Дамир деген бала айтты, Өмүрбекти трос менен байлап, анан өлтүрүшкөн экен. Дамир да колго түшүп калып, тирүү чыккан болчу. Анын баарын сотунда айтты.

Айнуска Таавалдиева
Сот ага “эч кимди көрдүм дебегин, алдым дебегин, кыскасы унчукпагын” деп айтыптыр. “Алаарыңды алгын да, оюндан чыгып кет” дептир. Дамир өзү айтты. Соттор өзү болсо өлгүдөй пара алып жатышат. Же алар жеп бүтүшпөдү, же тоюшпады. Соттордун өздөрүнүн баласы жокпу, билбейм…

Ош шаарынын Шейит-Дөбө кварталындагы 451-үйдө да кайгы муздай элек. Бул үйдүн тун уул Эркин Нарынбаев да калабалуу июнь күндөрү каза болгон. Анын энеси Шайыргүл Нарынбаева ошондогу болгон окуяларды мындайча эскерет:

- 11-июнь күнү эртең менен дарбазаны бирөөлөр такылдатып кирип келишти. 18 адам болчу. Баары беттерине чүмбөт жамынып алышыптыр. Үйдө улуу балам бар болчу. Анын үйүнө кирип, үйү менен кошо өрттөп жиберишти.

Эркин өзү Орусияда иштечү. Кандуу окуя башталбай турса, 20-июнга калбай кайра ошол жакка кетмек экен. “Бирок минтип коогалаң башталып кетип, түбөлүк көз жумду” деген Шайыргүл Нарынбаева уулунун ошондогу айткандарын эстейт:

Эркин Нарынбаев
- Орусиянын Челябинск облусунда иштечү. Ошол өлкөнүн жарандыгын да алган эле. Бул жакка конокко келген эле. Келгенине бир ай болгон. 4-5 күндөн кийин деп аткан. Учакка билет да алып койгон болчу. Бирок ушундай коогалаң болуп кетип, каза болуп калды, Орусияга кете албай калды…

Маркумдун иниси Жаркынбек агасы Эркинди тууган-урукка каралашкан камкор адам эле деп эскерет. “Бир канча максаттарын ишке ашыра албай кетти” дейт ал:

- Бойгон жеткен кызын турмушка берип, уулун үйлөй албай кетти. Раматылык акем абдан камкор болчу. Үкөлөрү бизге да, апамдарга да жакшылап каралашып турчу. Өзүнүн үйүн да жакшылап оңдоп, дубалдарын тим эле сонун кылып койгон. Дагы бир нече иштерин аткара албай кетти. Аттиң кылабыз…
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG