Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Элди ынтымакка үндөгөн “Тынчтык кербени” Ошто


Бир канча бейөкмөт уюм жана диаспора өкүлдөрүнөн түзүлгөн “Тынчтык кербени” Ош шаарын кыдырып, калкты ынтымакка чакырды.

Кербендин өкүлдөрү былтыркы коогалуу окуяларда элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактарды өткөрүп берүүгө үндөп, аны кабыл алуучу коомдук топторду түзүү демилгесин көтөрүүдө. Ал эми шаар тургундары учурда кырдаал кооптуу экенин белгилеп, бийлик тартип сактоо иштерин күчөтүү керектигин айтышууда.

Бир канча бейөкмөт уюмдардын жана диаспоралардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн “Тынчтык кербендин” жетекчиси Токтайым Үмөталиева шаар тургандары менен жолугушууда былтыркы кандуу окуялардын жылдыгы жакындап турганда эки улут бири-бирине ишенүү менен мамиле кылышы зарылдыгын белгиледи:

- Ар бир кварталдарга, айылдарга кирип элге түшүндүрүп атабыз. Өз ара сүйлөшүп, эки улут бири бирине ишениши керек. Ынтымак болушу керек. Бизге азыр тынчтык керек. Бул жерден эч ким эч жакка кете албайбыз. Кетсек да бизди эч ким кабыл албайт. Биз өз мамлекетибизде тынчтыкты орнотушубуз керек.

“Тынчтык кербени” калкка ар кандай жолдор менен өтүп кеткен курал-жарактарды кайтарууга үндөдү. Муну үчүн кварталдарда курал-жарактарды кабыл алуучу коомдук комиссия түзүү керектигин айтышты. “Анткени тургундар милицияга тапшыруудан коркушу мүмкүн” дейт кербендин өкүлү Абдуллажан Юсупов:

- Тартип коргоо кызматынын алы жетпей жатат, муну ачык айтыш керек. Себеби эл милицияга ишенбей калган. Ошон үчүн да куралды бербей жатышат. Жыйынтык керек деген боюнча көп иштер болуп кеткен. “Өзүнүн каалоосу менен тапшырса, жоопкерчиликтен бошотулат” деп, кармап алып жүдөткөн фактылар бар.

Ырас, милицияга ишенип тапшырбай жатса, милиция өздөрү барып таап алып чыга албай жатса, демек бар курал бир күнү атылат. Ошон үчүн биздин максат эл менен күч органдарынын ортосунда туруп, куралды алып, милицияга тапшырып берүү.

“Жаңы өзбек” жаштар ассоциациясынын президенти Абдуллажан Юсупов эки элдин бири бирине болгон ишенбөөчүлүгү куралдардын тапшырылбай жатканына себеп болууда деди:

- Элдин колунда курал жок деп айта албайбыз. Абдан көп болушу да мүмкүн. Анткени дагы чыр чыгып кетиши мүмкүн, кыргыз-өзбек дагы урушат экен деген сөздөр чыгып элдин үшүн алууда. Бирок мунун кайталанышына жол бербешибиз керек. Мен кыргызга да, өзбекке да айтат элем: бири бирибизден курал менен коргонууга эч кандай негиз жок.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда болуп келген “Тынчтык кербени” Ош шаарынын Шейит-Төбө, Он-Адыр, Нариман жана Кулатов кичирайондорун кыдырышты.

Жолугушууга келгендердин бири Гүлмира Сраждинова соңку убактарда ушак-айыңдар шаардыктардын тынчын алып жатканын ачыктады:

- Ушак таратуучулар өтө көп болуп жатат. Алар өткөн окуяларды дагы кайталоону каалап жатышат. Бирок адамдар баарын түшүнүштү. Эми мурдагыдай айтылган кептерди ээрчип кетпейт. Тескерисинче, шаарык бийликтин иш пландарынын алкагында мектептерде достук иш-чаралары өтүп жатат. Кыргыз да, өзбек да ынтымак демилгесин кубаттап жатышат. Биздин мааледе да кыргыз-өзбек мамилеси мурдагыдай жакшы уланып жатат.

Ал эми Оштун дагы бир жашоочусу Керим Калыкулов эл арасындагы сөздөр бекер жерден чыгып жатпаганын айтып, бийлик тартип сактоо иштерин күчөтүүсү керектигин белгилөөдө:

- “Жаман айтпай жакшы жок” дейт. Былтыркы жайдагы улуттар аралык кагылыштардан кийин сөзсүз анын артында изи калган, жарааты калган.

Тургундардын арасында, элдин арасында, менде да чоң тынчсыздануу бар. Саясий кырдаал күч алышы мүмкүн, былтыркы окуялар дагы кайталанып кетиши мүмкүн деген сөздөр бар. Эми кандай болбосун муну бийлик алдын алат деп ишенип атабыз.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан июнь окуясынан кийин мыйзамсыз колдонууда жүргөн 6 автомат, 1 револьвер, “Макаров” үлгүсүндөгү 4 пистолет, 2 кесилген мылтык, 3 колдо жасалган ок атуучу курал, 9 мергенчилик мылтык алынган. Ошондой эле жалпысы болуп 714 ок дарылар, Ф1-2 граната, бир нече бычактар жана атайын жасалган бир кылыч, 2 газ пистолети алынган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG