Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

“Жети токоч баабедин”: Тынчтык болсун


Ошто ар улуттун өкүлдөрү чогулуп “Жети токоч баабедин” өткөрүштү. “Тынчтыкка данакер аялдар” май токочторду жасап, жакшы ниеттер менен элге жетиден таратып беришти. Иш-чарага аксакалдар да келип, каргашалуу окуяда каза болгондорго арналып куран түшүрүлдү.

Ош шаарынын “Токтогул” сейил багына облустун бүт аймактарынын чогулган ар улуттун аялдары эртең мененден баштап эле ала келген камырларын ийлеп, токоч жасап киришти. Даяр болгон токочторду дак болгон майга тилек айтып салышты:



“Тынчтыктын наны” деп аталган иш-чарага катышкан ар бир улут майтокочторду өз салтында жасашты. “Тынчтык болуп турса, нан да болот” дешет алар.

Ноокат районунан келген Бүкалча Маматалиева калабалуу окуялар учурунда нандын баркын билгендей болдук” деди. Ошол күндөрү алар Ошко тынбай нан ташып турушкан экен:

Бүкалча Маматалиева
- Дүйнөдө эң улук адам, анан нан, же нан улук, анан адам улук. Нан болбосо жашоо болбойт! Мына былтыр тополоңдо нан түгөнүп калып эл ачка калды. Бардык улут биригип, “нан, нан, нан” деп кыйкырып жатышты го.

Бир нан 30 сомдон, 100 сомго чейин чыгып кетиптир. 100 сомго да нан табылбай калган учурлар болду. Бул жакка келген балдарыбыз аны көрүп элге нан керек экен деп, дагы нан алып келип берип жаттык.


Мында чогулган адамдар бири бирине жакшы сөз айтып, ар кандай чагымчылыкка алдырбоого чакырып жатышты. Ош шаарынын тургун Малика Ишенова айрыкча аялдар ушак-айыңдардан этият болушун өтүнүүдө:

Малика Ишенова
- Айрыкча ушу аялдар ушак сөздөрдү көбүрөөк айтып койобуз. Бүгүн, эртең ар бир айткан сөзүбүзгө маани берип туралы. Көргөн нерсебизди айталы, бирөө айтып койгон эле сөздү сыртка чыгара берсек балдардын аң-сезимине да таасир этебиз. Коомчулукта да кооптонууларды пайда кылабыз.

Коогалаңдын жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан “Жети токоч баабедин” ушул эле убакта Жалал-Абад жана Баткен облустарынын борборлорунда да өткөрүлдү. Ал жакта ар улуттун өкүлдөрү чогулуп, майтокочторду элге таркатып жатышат.

Бул иш-чаралар былтыркы июнь коогалаңынан кийин аймакта түзүлгөн “Тынчтыкка данакер аялдар” тармагындагылардын аракети менен уюштурулууда. Тармактын Оштогу координатору Жамила Капарова буларды айтып берди:

Жамила Капарова
- Биздин акция Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын борборунда өткөрүлүп жатат. Мунун максаты былтыркы июнь окуясында каза болгондордун арбагын эстеп, куран окуу, экинчи максаты мындан кийин да тынчтык болсун деген тилек. Мындан кийин да нан ар дайым көп болсун деген максат.

Акцияга келгендердин ар бирине жетиден токоч берилди. Ошоной эле кандуу окуяларда каза болгондордун арбагына багышталып куран окулуп, бата тартылды.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG