Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

“Ак сентябрь” – ак тилек...


Былтыркы июнь коогасындагы окуялардын негизинде “ Ак сентябрь” деп аталган көркөм-публицистикалык китеп жарыкка чыкты. Китептин автору Назира Раимкулова бул чыгарма тынчтык, гуманизим идеясын таратууну максатында жазылганын айтат.

- Чыгармаңызды эмне үчүн “Ак сентябрь” деп атадыңыз?

- Былтыркы Ош окуясынан кийин биз, жалып эле кыргызстандыктар коогалаң кайра кайталанып кетпейби деген коркунуч менен жашап турдук. “ Ак сентябрь” деп атаганым, бул эртеңки күнгө болгон үмүт дегенди билдиргим келген. Ушул сентябрь айында тынччылык болуп, балдарыбыз мектепке кадимкидей барсын деген үмүт менен коюлган бул ат.

- Сиз өзүңүз ошол окуяларга күбө болдуңуз беле?


- Ошол учурда мен бала менен үйдө отуруп калып, ал окуяларга күбө болгон жокмун. Бирок мен Ошто көп жыл жашагам, шаарды жакшы билем. Журналист катары, жөнөкөй жаран катары жүрөгүмдө элим менен бирге болдум.

- Китептеги каармандар, окуялар чыныгы турмуштан алынганбы?

- Ооба, бул каармандардын реалдуу прототиптери бар. Ошто жашашат.

- Китеп качан жазылды жана канча нуска менен чыкты?

- Былтыр 9- июлда жазып бүткөм, нускасы чакан эле болуп чыкты. Миң нускада чыгара алдым, анткени эч кандай демөөрчү болгон жок, өз каражатым менен чыгардым. Мени кубандырганы китебимдин башка тилдерге да которулганы. Былтыр өзүмдүн интернет баракчама жайгаштырып койдум эле, анан мага Түркиядан кат келди автору ким, биз чыгарсак болобу деп. Мен албетте автору өзүм экенин айтып, макулдугумду бердим. Ошондой эле жакында эле Грузиянын эл аралык “Диалог женщин” деп аталган журналына кыскача болуп чыкты.

- Сизге кайрлыган Түркиянын, Грузиянын журналисттери Ош окуясы боюнча кандай көз карашта экен?

- Грузиянын “ Кавказец” веб-порталынын башкы редактору Галина Петриашвили мага кат жазып, алар дагы мындай окуяларды башынан өткөргөнүн жана бизди түшүнүп турганын билдирди.

- Китеп кандай максат менен жазылды, элге сабак болсун деган ой мененби?

- Жок, мен акыл-насаат деле айткым келген жок. Кыргыздар айкөл, боорукер эл эмеспи анан “геноцид болду” деп айтылган сөздөр мага таш менен ургандай эле сезилди. Эң башкы максатым - эл тынчтыктыкта гана жашаса экен дедим.

- Акыркы мезгилде ар кандай пикирлер айтылып, бул окуяны иликтеген комиссиялардын корутундуларын деле алсак бири ушундай болгон десе, экинчи тарап андай эмес дейт. Ал гана эмес журналисттерге дагы ар кандай дооматтар коюлуп, бир тараптуу чагылдырып жатасыңар дегендер болууда. Сиздин китебиңиз кандай ой жаратышы мүмкүн?

- Эми саясат деген саясат да, ар кандай боло берет. Жыйынтыктар, пикирлер да ар кандай болот. Мен бул китепте жаран катары гана өз көз карашымды чагылдырдым. Эми баарыбыз эле ушул окуялар кайра кайталанбаса экен деп тилек кылабыз. Биз улуттарга бөлүнбөй, баарыбыз бир Кыргызстандын атуулдарыбыз деп жашасак гана тынчтык болот.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG