Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Ушак деген – уу


Гезиттер Ош окуясынын бир жылдыгына карата макалаларды жазууда. (Сүрөттө: Оштогу коогалуу күндөр, 12-июнь, 2010.)
Гезиттер Ош окуясынын бир жылдыгына карата макалаларды жазууда. (Сүрөттө: Оштогу коогалуу күндөр, 12-июнь, 2010.)

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин негизги темасын Түштүк окуясынын бир жылдыгына карата макалалар, көз караштар, ойлор, саясат, майда кабарлар түздү.

“Айат” гезити саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиевдин маегин жарыялады.

Июнь окуясынын бир жылдыгына байланыштуу суроого берген жообунда белгилүү саясат талдоочу ал окуянын азыр да кайрадан кайталанышын каалаган күчтөр жок эместигин, бул окуяны уюштургандардан тышкары реванштык топтор менен улутчулдар да, өз кызыкчылыктарын көздөгөн айрым мамлекеттер да барын, максаты – Борбор Азиядагы абалды татаалдаштырып, улуттар аралык жаңжалды күчөтүп, былтыркы окуяны козгоп, мындай отту Өзбекстан менен Тажикстанга да жагып, өз үстөмдүгүн орнотуу экендигин, эми кудай сактасын, элдин тилегени тынчтык, ынтмактык менен жашоо болуп атканын билдирди.

Эл аралык комиссиянын чечиминин бир беткей жазылган отчетун далилдер менен сынга алган Орозбек мырза азыр ар кандай арам кадамдарга, инернет, чөнтөк телефондор аркылуу уюштурулуп жаткан ушак-айыңдардын уусуна карата чечкиндүү чараларды көрүүнү унутпоо керектигин кошумчалады.

Ушул эле гезит Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков президенттикке ат салышасамбы деп ойлоп атканын, депутат Акылбек Жапаров “Ар-Намыс” партиясы президенттикке үч талапкердин атын атаганын, алар – Феликс Кулов, Турсунбай Бакир уулу жана өзү экенин айтканын маалымдады.

“Трибуна” гезити депутат Камчыбек Ташиевдин “Бизге азыр эң эле негизгиси туруктуулук керек” деген сөзүн шилтеме кылуу менен анын ишмердигине макала арнады. Ушул эле гезитке “Мен кризистен чыгарууну билем” деген ат менен Урмат Барктабасов маек курду.

“Пресс kg” гезити дин иштери боюнча эксперт Кадыр Маликов менен маектешти.

“Америка үчүн негзиги коркунуч – Кытай жана ислам” экендигин айткан Кадыр Маликов, Азыр Алыскы жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө саясый кырдаал курч бойдон калып жатканын, “Усама Бен Ладен өлдү” деген маалымат реалдуу топтордун күчтөнүшүнө себеп болгонун, Жакынкы Чыгыштагы саясый оюндар Борбор Азияга чукулдап калганын, булар демократияны таратуу шылтоосу менен ар кандай күчтөрдү өз кызыкчылыктарын таңуулоого түртүп, максаттарын ишке ашыруу багытында экстремисттик топторду пайдаланып жаткандыктарын баса белгиледи.

Маликов: “Мындай коогалаңдар Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда кайталанчу болсо аягы эмне менен бүтөрүн эч ким айталбайт, Америка учурда “Фергана өрөөнүндөгү абалды начарлатуу боюнча планын түзүүдө” деп айтты.

Түштүк коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиянын отетуна баасын берген эксперт Кадыр Маликов, комиссия Кыргызстандын толугу менен тышкы күчтөрдүн басымы астында калуусун максат кылганын, мунун баары атайылап иштелип чыкканын да кеп кылды.

“Арена kg” гезити мурдагы депутат Улугбек Ормонов менен маектешти.

Улугбек Ормонов “Мекен биримдиги” деген ат менен Кыргызстандын бүтүндүгүн көздөгөн, белгилүү аксакалдардан турган кыймыл түзүлгөнүнө, алдыдагы президенттик шайлоодо элди бөлүп-жаруудан сактоо үчүн Кыргызстанды бириктирүүнү көздөп жаткан кыймыл болоруна, анткени президенттик шайлоо бир тур менен жыйынтыкталбай экинчи турга кала турган болсо чыр чыгып кетиши мүмкүндүгүнө, ошондуктан кандай гана болбосун түндүк менен түштүктүн саясатчылары биригип, шайлоону тынч өткөрүүгө аракет кылуудан өткөн маанилүү маселе жоктугуна токтолду.

“Айгай пресс” гезити Улуттук кайра жаралуу “Асаба” партиясынын төрагасы Салмоорбек Дыйкановдун “Киммо Кильюнендин ишин Кыргызстанда ким улантып жатат?” деген макаласын окурмандардын ой элегине салды.

“24 kg” деп аталган маалымат агенттигинин башкы деректирине тиешелүү чара көрө турган мамлекеттик кызмат барбы?” деген суроо менен макаласын баштаган Салмоорбек мырза, “24 kg” агенттиги анын 4-майдагы басма сөз жыйынында Киммо Кильюнен тарабынан жарыяланган эл аралык комиссиянын жыйынтыгына карата берген баасын атайылап бурмалап бергенин, автор агенттиктин жетекчиси Асел Оторбаевага барып жолукканын, бирок анын эл аралык жаңжалды ырбатпай турган туура чечимге келүү максаты планында бар экенинен шек санап калганын, себеби агенттик өзү жетектеген улуттук “Асаба” партиясын жаманатты кылып, улутчулдук маанайды бандиттик жүрүшкө теңеп, ар кимге датын айтуу менен алектенип атканын, дал ушундай аракеттердин натыйжасында “кыргыз улутчулдары” башка улуттун өкүлдөрүн сабап жатат” деген карандай калп ушактар депутаттардын оозунан да угула баштаганын белгиледи.

Салмоорбек Дыйканов макаласын: “Болгону бир гана маалымат тараткан уюмдун кылган иши азыркы учурда ушинтип улут аралык мамилелерди курчутуп, эл арасында кабатыр маанайды жаратууда. Мындай маалымат терроруна каршы турар Кыргызстанда күч барбы?” деген суроо койду.

“Учур” гезити Акаев доорунда Роза Качиева болуп, далай чиновниктерди жайлап келген, кийин түрмөгө түшүп чыгып, жоголуп кетип, атын да, кебете-кейпин да өзгөртүп - Раушан Рыкунова деген ысым менен пайда болгон айымга ушу тапта Казакстанда издөө салынганын, сыягы Качиева ал ал жакта да жөн жүрбөгөнүн, ал эми өзүбүздүн жигиттер, маселен “атамекенчи” Асылбек Текебаев менен Исках Пирматовдун эрөөлү дагы эле бүтпөй, уланып жатканын кабарлады.

“Учур” гезити “Эшимканов менен Бабанов мушташа кеттиби?” деген суроо менен өткөн жуманын этегинде эски досторунун бири Ибрагим Жунусовдун 50 жылдык тоюнда премьер-минитсрдин 1-орунбасары Өмүрбек Бабанов менен кер-мур айтышка кетти дегендин себепчиси болгон белгилүү саясатчы Мелис Эшимкановдун өзүнө кайрылганда ал:

- Мен кызуу болгон күндө да өмүрүмдө бирөөнү сөгүп көргөн жан эмесмин. Болгону Өмүрбек иним: “Абийир, адамгерчилик жөнүндө сүйлөп атканда чыдабай кетип, ордуман “Бобик, ыйман жөнүндө сен экөөбүз сүйлөбөй эле коёлучу, сенин элге акыл үйрөткөнгө моралдык укугуң жок” деп кыйкырып койдум. Бабанов жигит болсо мени менен эркекче сүйлөшсө болмок. Анткендин ордуна өзү кетип калды да, жансакчылары курчап алып, мени улам мушташка түртүп жатты. Буга Азиз Турсунбаев, Улугбек Ормонов, мыкты киночу Садык Шер-Нияздар күбө болуп олтурушту, - деп жооп берди.

Аталган басылма ошондой эле “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин “Кудай алдында элге таза иштедим” деген аталыштагы маегин, Бекбол Айдаровдун “Мегаком” тууралуу макалалар топтомун, саясатчы Аликбек Жекшенкулов менен маекти жана башка ар кыл өңүттөгү материалдарды тартуу кылды.
XS
SM
MD
LG