Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

“Бир боор эл кылымдарда сыналган”


Ош базары июнь коогалаңына чейин
Ош базары июнь коогалаңына чейин

Киндик каны Каракулжа, Өзгөн райондорунда тамган кыргыз жана өзбек улутунун тыңчыкмалары айтылуу Калпак ашуусунда жолугушту. Анда эли-журтту ынтымакка үндөгөн сөздөр айтылып, былтыркы июнь коогалаңын уюштургандарды жазалоо талаптары да айтылды.

Каракулжа жана Өзгөн райондорун бириктирип турган айтылуу Калпак ашуусунда Каракулжанын кадырман өкүлдөрү Өзгөн районунан келген конокторду ыр-күү менен тосуп алышты. Андан соң былтыркы июнь коогалаңында каза тапкандарга багышталып куран окулду.

Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков Каракулжа жана Өзгөн райондорунун эли миңдеген жылдар бою ынтымакта жашап келгендигин баса белгилеп, алардын мындай биримдигин былтыр июнда айрым күчтөр ыдыратууга аракет кылганын ачыктады:

- Илгертеден бир жайлоого чыкчу элек. Жолубуз да бир. Ага улай бир базардан соода-сатык кылабыз. Куда-сөөк күтүп, кыз берип, уул үйлөгөн учурларыбыз арбын болгон. Азыр деле ал салт татыктуу улантылууда.

Былтыркы июнь коогалаңында Кыргызстанга көзү түз эмес ички жана тышкы күчтөр, ошондой эле сепаратисттик жана экстремистчил топтор жумуриятыбызды бөлүп-жарып, мурдагыдай башкарууга катуу аракеттеништи.

Мындан тышкары элди түндүк-түштүк кылып чабыштырып, кыргыз-өзбек кылып кагыштырып, айрыкча коңшулаш Өзбекстан менен такай тирештиргенге өтө катуу далалат кылышты.


Губернатор Сооронбай Жээнбеков белгилешинче, ушундай кыйчалыш учурда эки райондун эли, айрыкча аксакалдар көсөмдүгүн көрсөтүштү.

- Бирок дагы да ар кандай ушак-айыңдарды жана терс маанайдагы баракчаларды таратып жатышат. Дагы эле кыргыз менен өзбектерди кайраштырып, араздаштыралы деген адамдар жок. Биздин укук коргоо органдарыбыз азыр мурдагыдай эмес. Бийлик да табына кирип келатат. Кандай гана арам ойлуу аракеттер жасалбасын, биз жөн карап турбайбыз.

Ал эми Өзгөн шаардык агартуу башкармалыгынын жетекчиси Илхомжан Абылкасымовдун оюнча, ушул тапта калк арасында түшүндүрүү иштерин жандандыруу абзел.

- Ар кандай жаман жорук-жосундарга жол бербөө өлкө интеллигенциясынын абийириндеги иш. Биздин тагдырыбыз акылы тетик, аң сезими мыкты адамдардын колунда. Жакшыны жаманга айлантыш тез эле. Бирок азыр баарыбыздын башыбызда жалгыз гана ой өкүм сүрүшү кажет. Ылайым мамлекетибизде тынчтык болсун, элибиздин турмуш-шарты жакшырсын.

Мурда бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган Абдышүкүр Исабаевдин ишениминде, бүгүн чогулгандардын максат-тилеги бир:

- Өткөн-кеткен катачылыктарды унутуп, өзбектердин жана кыргыздардын достугун мурдагыдай жакшыртуу максатында мына Калпакка чогулдук. Мен учурда Араванда жашап турсам да, өзүм Өзгөндө туулгам. Тарыхка үңүлсөңүз илгери Өзгөн жана Каракулжа бир район эле. Ошондуктан биз көбү менен чогуу окуп, чоңойдук. Дээрлик баарын тааныйбыз.

Канткен күндө да Кыргызстандын жараныбыз. Ошондуктан мындан ары “сен өзбексиң”, “сен кыргызсың” деген сөз болушу дегеле мүмкүн эмес. Андан көрө өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн тынбай күрөшүп, талыкпай иштегенибиз оң.


Абдышүкүр Исабаев былтыркы коогалаңды уюштургандарды Кыргызстанга алып келип, эл көзүнчө жазалоону жердештери талап кылып жатышкандыгын кошумчалады.

Ал эми Каракулжа районунун ардактуу атуулу Орозбек Акимбаевдин ынанымында, эки элдин достугуна мындан ары эч ким жик сала албайт.

- Эсимде, Өзгөндүн өзбектери Каракулжага барып, аары бакчу. Атүгүл мал-калга да каралашчу. Ошол эле учурда далайы Каракулжадан кыргыз дос күтүштү. Эң кызыгы: кыргыздардын малынын этин жеп, бээлеринин кымызын ичип, тынбай катташып турушкан. Азыркы учурда ошол тууганчылыкты жаңылоо милдети турат.

Эскертүү: Сүрөттөр коогалаңга чейин тартылган.
XS
SM
MD
LG