Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Жаныбек Жанызак - санарип доордун кишиси эле


Жаныбек Жанызак. 2010-жылдын 15-ноябры.
Жаныбек Жанызак. 2010-жылдын 15-ноябры.

17-декабрда журналист жана көп кырдуу адис Жаныбек Жанызак узакка созулган оорудан кийин 70ке караган жашында каза болду. Маркумдун сөөгү Таластагы өз айылында жерге берилди.

Баштооч

Жаныбек Жанызактын атын укпаган, жазгандарын окубаган адамды табыш кыйын. Заман өзгөрүп, социализм тарыхый тактысынан жылмышып, республика өз алдынчалыкка жеткенден бери ал активдүү авторлордун катарында келди.

Мурда анча баркталбаган, майда деп маани берилбеген биртоп темаларды козгоп, аны менен эле тим болбой интернет айдыңына кыргыз тамгасын киргизүү, өтүмдүү китептерди чыгарып, миңдеген окурмандарга таратты.

Менчик гезит

Жаныбек Жанызактын баскан-турганы, сүйлөгөнү, жазгандары аны менен жүргөн башкалардан өзгөчөлүү эле. Акыйкат деп эсептеген чындыгын коргоо жагына келгенде ал алдында падыша турса да тартынчу эмес. Мунусун көптөрү кежирлик деп түшүнчү.

Чакан басма ачып алып, жазуучунун эмгегин элге жеткирүү аракетин жасады. Ал өзү автору “жаздым болду, чыгарыш, сатыш башкалардын иши” деп чоюлуп отуруп албаш керек деп эсептечү. Чыгарган китептерин жер кыдырып окурмандарга сатчу.

Социализм заманында бапыратып китептерин чыгарып, калем акыга марып, кийин жагдай-шарт өзгөрүлгөндө өкмөт көңүл бурбайт деп наалып отурган каламдаштарын “бакма жазуучулар” деп койчу.

Жакең өзү жаңылыкка жакын адам экен арзан гезит, китеп чыгаруунун кыныгын алып, эчен авторлордун ажатын ачты. Эркин басылмалар кенен жайыла элек чакта жупкадай жука “Каттама” гезитин арзан чыгарып сатып, кийин “Айтматовдун айымдары” китебин жазып, анысына мактоого караганда ачуу сынды көбүрөөк укту. Минтишке бүтүндөй бир улуттун атын дүйнөгө тааныткан улуу жазуучунун айланасындагы ак жоолукчандар журту тууралуу эл арасында жүргөн миш-миштерди эрикпей чогултуп, билгендерден сурап тактап, жашыруун калчу сөздөрдү ачыкка чыгарганы себепкер болду окшойт.

Оргу-баргы жүргөнү менен бирөөгө кылдай жамандыгы жок, башкалардан жаап-жашырчу ичинде сыры да жок Жаныбек Жанызактын каламынан чыккандарды калтырбай окугандар аябай эле көп.

Анан Жакең адатта “массалык адабият” деп анчалык жактырбаган жазмакерлик өнөргө кызыгып, турмуштук окуядан окуя куроонун кыныгын алган Айгүл Шаршен сындуу авторлорду колдоду. Алардын китептерин өзү ондоп, колу тийбей калганда редактор жалдап, олуттуу адабиятта аты-жыты билинбеген оголе көп авторлордун жазгандарын токтолбой чыгарып отуруп, деле китеп окубагандардын көбүн ыкластуу күйөрманга айлантып койду.

Улуу даанышман Салижан Жигитов айтмакчы, бу кыргыз китеп чыгарсам эле тарыхта калам деп ойлойт. Уккан-билгенин кызыктуу кылып кагазга чүргөй алчу биртоп жазмакерлердин багын ошентип Жаныбек Жанызак ачты. Окула берип тытылып, айрылып калган кызыктуу арзан китептердин көбү анын колунан чыккан.

Кыргызстандагы интернет кыймылынын жигердүү өкүлдөрүнүн бири Жаныбек Жанызак жана Рахат Сабырбеков. 30.3.2011.
Кыргызстандагы интернет кыймылынын жигердүү өкүлдөрүнүн бири Жаныбек Жанызак жана Рахат Сабырбеков. 30.3.2011.

Электрон айдыңындагы пионер

Абройлуу басмалардын көбү аз нускалуу китептерди чыгарууга мойну жар бербейт. Китеп базарындагы мына ушул боштукту басмачы Жакең толтуруп, жалгыз Айгүл Шаршендин эле жүзгө чукул китептерин чыгарды. Базар мамилеси баарын ээлеп калган азыркы заманда Жаныбек Жанызак кыргыз тилиндеги китептердин кыйласынын багын ачып, кыргыздын өңү тамгаларын компютерге оңой киргизүүнүн жолун таап, анан да жаңы кылымдагы мына ушул жаамы дүйнөнү каптаган өтүмдүү өнөргө кыргыз жаштарын үйрөтүүгө, кыска окуулук жазып, заманбап илим-билимден артта калбаш үчүн эл алдында ополтоодой кызмат өтөдү.

Улуттук кызыкчылыкка күйгөн нака патриот өзү ушундай болот экен, анысын жалпыга жарыя кылып, төш какпай, көптүн бириндей карапайым жашады.

Эгемендик жаңыдан баш багып, эркиндик келген чакта Жаныбек Жанызак өз алдынча гезит чыгарып, анысын өзү сатып, кийин кыргыз гезиттерин “Жаныбек айылына” топтоп, интернет айдыңына жайгаштырган. Алардын баарын өкмөттөн же башка бир мекемеден бир тыйын албай жеке демилгеси менен эле жасап салган.

Кыргыз гезиттерин тушап алган каталарды, келегей сүйлөмдөрдү көргөндө ачуусу келип, анысын бетине карабай гезитчилерге айтып ийчү. Технология жаңыланып, маалыматтын баары уюкфонго сыйдырылып калганда, Жаныбек электрондук дүйнөгө киришип, жаңылыкка жакын жаны бул жаатта да биртоп жакшы иштерди жасоого жетишти.

Маалыматты видеого тартуу, таратуу жагынан сабатын ачып алды. Жаныбек Жанызактын эмгегин кесиптеши Аскер Сакыбаева эскерет.

- Ушундай бир оригиналдуу киши эле. Эми мындай өзгөчөлүү кишилер болобу-жокпу? Бул киши заманынан эрте келип алган. Эгер азыркы учурда жаралып калса, ушу тапта жаш болуп калса далай алдыга кетмек. Башка элдерден кыйындар чыгып атпайбы. Ошолор сыяктуу бул киши көп нерселерди жаратмак деп ойлойм. Менин жашым өтүп кетиптир, эми компютерди үйрөнө албайм, дебестен тескерисинче жаштарды компютерге үйрөтчү. Кантип иштеш керектигин айтчу. Электрондук мүмкүнчүлүктү болушунча пайдаланды. Бардык ишин санарип технологиясына салып, анын сырын толук үйрөнүп чыккан. Аны башкаларга да үйрөтүп жайылтып келген.

Жаныбек Жанызак кыргыз журналистикасынын биртоп дөө-шаалары менен жакшы мамиледе, өзгөчө Мелис Эшимканов, Алым Токтомушев, Салижан Жигитов менен ынак эле. Алардын баарын социализм доорундагы партиялык журналистиканын кожогой стилинен тажап, жаңы басылмаларды жайдары стилге көчүрүү, улут тилинин ийкем мүмкүнчүлүктөрүн ыктуу пайдалануу өнөрү жакындаштырса керек.

Гезит окурмандарына Жаныбек Жанызактын жөнөкөй, табигый өң-түсүндө чыккан жайдары тексти аябай жакчу. Анын үстүнө жаңылыкты баштоого маш Жакең “Каттамасы” аркылуу буга чейин коммунисттик моралга туура келбеген тема катары тыюу салынып келген пенде баласын кызыктырчу проблеманын өзүнчө бир катмарын ачып бербедиби.

Анын журналистика өнөрүнө алып келген жаңылыгына жазуучу, журналист Олжобай Шакир токтолот.

- Кыргыз журналистикасындагы кыртышты бузган киши болгон. Бизде стереотип түшүнүктөр күчтүү го, төшөк маселелсин уят көрүшөт. Аял-эркек ортосундагы жылуу мамиленин ачкычын ошол “Каттама” аркылуу элге жеткире баштаган. Кийин бизнестин кызыгына кирип, порно жагына көбүрөөк өтүп кеткен. Этикалык нормалардан бираз чыгып кеткен учурлары болду. Бирок жеке басылманы, электрондук адабиятты өнүктүрүүдө бул кишинин орду зор. Себеби бул кишинин муунундагылардын интернет менен бүгүнкү күнгө чейин иши жок. Интернет жагынан Жаныбек байкебиз эрте эле новатор болуп калган. Интернетке китеп жайгаштырууда, интернеттин баалуулугун элге жеткирүүдө бул кишинин атын унутууга болбойт.

Жаныбек Жанызак көргөн-билгенин социалдык айылдагы окурмандары менен бөлүшүп, тигил же маселеге үн кошуп, пикирин билдирип турчу. Ошондой кабарларынын катарында эле мындан аз илгерээк айыкпас дартка кабылганын, кесели башка чыгып кеткенин, Москвада дарылана баштаганын, жанында жапакеч кызы каралашып жатканын, операциясы ийгиликтүү өткөнүн кабарлаган. Андан көп өтпөй жерине кайтканы айтылып, анан бу суук кабарды эшитип отурабыз.

"Белгилүү журналист, жазуучу Жаныбек Жанызак бул дүйнө менен кош айтышкандыгына байланыштуу "Журналисттер" коомдук бирикмеси жакындарына көңүл айтат.
Жаныбек Жанызак жаңычыл, иштерман, өзгөчөлүү журналист эле. 90 жылдардан кийин ал компьютер, интернет иштери менен алектенип, кыргыз тилиндеги көпчүлүк гезиттердин материалдарын “Кыргыз айылы” аттуу интернет-сайтка жайгаштырып, гезиттердин коомчулукка таралышына салым кошуп келген. Акыркы жылдары жеке басмаканасын негиздеп, бир нече жазуучулардын китептерин басып чыгаруу менен алектенип келген
".
"Журналисттер" коомдук бирикмеси. 2020-жылдын 18-декабры.

Социалдык тармактабы же гезит-журнал, китептердеби – баарында тең өзүнө гана тийиштүү стили, жактырып калган нерсесин жашырбай айтып, көңүлүнө туура келбеген кишисин сөгүп ийме тежиктиги да бар эле. Анткен менен көпчүлүк Жаныбектин каламынан чыккан текстти, эч нерсесин жактырбаган ачыктыгын, кыргыз тилинин байлыгы менен кереметин ырастап берген жүйөөлүү пикирин баарынан бийик койчу.

Анан да анын эч кимге догун артпай, Константин Кузьмич Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүн”, кыргызча башка маалымат материалдарын интернетке көчүрүп, заманбап технологияны жакшылап өздөштүрүп, ага кыргызча тексттерди арбын жайгаштыруу аракети, жаңы заман тартибине ылайык окурман журтуна барып, кыйла замандаштарын китепке тартуу амал-айласы бул дүйнөгө бир келген мээнеткеч, сөз багып, сөз дүйнөсүндө жашаган оригиналдуу таланттын артында калчу эстелиги болуп калды.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG