Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы төрагасы Бакыт Таировдун камактагы мөөнөтү 2-апрелге чейин узартылды.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Таировдун бөгөт чарасы 28-январда каралды.
Бакир Таиров былтыр октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деп шек менен 10-декабрда кармалган. Эртеси күнү Биринчи май райондук соту аны 2-февралга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.
Бакир Таиров же анын мыйзамдуу өкүлдөрү бул айыптоолор тууралуу комментарий бере элек. (NT)
Дагы караңыз