Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

"Манас менежмент" компаниясынын мурдагы жетекчиси эки айга камалды


"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен "Манас менежмент" компаниясынын мурдагы жетекчиси Нурсултан Белеков эки айга камакка алынды.

Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө, Белеков 27-мартка чейин №1 тергөө абагында камакта болот.

Ал «Манас» аэропортундагы коррупцияга байланыштуу январдын этегинде кармалган. Башкы прокуратура Нурсултан Белеков жетектеп турганда «Манас менежмент» жабык акционердик коому жүк ташуулар боюнча чет элдик компанияга жеңилдик берип, мамлекетке чоң өлчөмдө зыян келтирген деп шек саноодо.

Башкы көзөмөл органы буга чейин «Манас» эл аралык аэропортунун жана ага караштуу «Манас менежмент» ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 233-беренеси («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталганын кабарлаган. Бул ишке Белековдон башка дагы кайсы жооптуу кызматкерлер шектүү экенин тактаган эмес.

Аталган компания аэропорттогу жүк ташууларды тейлеп, бортту тамак-аш менен камсыздайт.

Нурсултан Белековдун жакындарынан, адвокаттарынан ага тагылып жаткан айыптар боюнча комментарий боло элек.

Ал "Манас менежмент" компаниясын 2016-2020-жылдарда башкарган. (NT)

XS
SM
MD
LG