Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Казакстанда жарандык активист Макс Бокаев абактан чыкты


Макс Бокаев абактан чыккан күнү тартылган сүрөт.
Макс Бокаев абактан чыккан күнү тартылган сүрөт.

Казакстанда жарандык активист Макс Бокаев абактан бошонуп чыкты. Беш жылдан бери камакта отурган Бокаевди Атыраудагы колониядан ондогон адамдар тосуп алышты.

Ал тарапташтарына кайрылып, 28-февралдан тартып бир ай бою жекшемби сайын Казакстанда реформаларды ишке ашыруу тууралуу талап менен митингдерди уюштурууга чакырды.

Мындан соң Макс Бокаев өз тарапташтары менен бирге Атыраудагы абакка камалганга чейин акцияларды уюштуруп жүргөн аянтка барды. Ал Казакстанда жаңы Конституция кабыл алуу зарылдыгын айтып, өз тарапташтарына ыраазылык билдирди.

2016-жылдын апрелинде Казакстандын бир катар шаарларында жерди сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы митингдер өткөн.

Анда активисттер Макс Бокаев жана Талгат Аян Атырауда кармалып, бир жылдан кийин “араздашууну тутандырган” деген негизде ар бири беш жылдан абакка кесилген. Ошондон кийин Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев "Жер кодексине" киргизилген өзгөртүүлөргө мораторий жарыялап, өкмөткө жер реформасы боюнча комиссия түзүүнү табыштаган.

48 жаштагы Бокаевди укук коргоочулар “саясий туткун” катары сыпаттап, аны бошотуу боюнча бийликке кайрылышкан. Макс Бокаев менен абакка кесилген Талгат Аян абактан 2019-жылы чыккан.

XS
SM
MD
LG