Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

"Freedom House" "трансулуттук кылмыштар" боюнча баяндамасын жарыялады


Орусия жана Иран четке чыгып кеткен жарандарын куугунтуктап, зордук-зомбулук көрсөткөн авторитардык өлкөлөрдүн катарында турат. Бул тууралуу "Freedom House" уюмунун 4-февралда жарыяланган баяндамасында айтылат.

Анда орус бийлиги башка өлкөлөргө чыгып кеткен жарандарынын оозун басуу үчүн “абдан агрессивдүү” трансулуттук репрессиялык чараларга барып, кайсы бир маалыматка ээ адамдардын “көзүн тазалап” келгенине көңүл бурулган.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан уюмдун эсебинде, акыркы алты жылда дүйнөдө дал ушундай жол менен 26 адам өлтүрүлсө, анын жетөөнүн артында орус бийлиги турушу мүмкүн. Ал эми Ирандын бийлиги мындай беш кылмышка тиешеси бар экени баяндамада айтылды.

Мындан сырткары "Freedom House" Пакистан, Азербайжан, Борбор Азиядагы беш өлкө: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан четке чыгып кеткен жарандарын куугунтукка алганына көңүл бурган.

Бул уюм 2014-жылдан бери кеминде 79 өлкөдө 608 “трансулуттук репрессияны” каттаган. Анын ичинде сыртка чыгып кеткен адамдарды өлтүрүү, уурдоо, кол салуу, камакка алуу жана мыйзамсыз депортация сыяктуу кылмыштар бар.

XS
SM
MD
LG