Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Бийлик сомду туруктуу кармагысы келет


Президент Садыр Жапаров 4-февралда, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров 4-февралда, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, сомдун курсун туруктуу кармоого чакырды. Мунун алдында башкы каржы көзөмөл мекемеси рынокко 45 млн. доллардан ашык сумма чыгарган. Бул соңку бир жыл ичиндеги ири интервенция болуп калды.

Жапаровдун чакырыгы жана ири сатык

Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун 4-февралдагы жолугушуусунда аталган мекеменин жана банк секторунун 2020-жылдагы ишинин баштапкы жыйынтыктары, 2021-жылга карата пландар талкууланды.

Жапаровго экономиканын реалдуу секторун колдоо, коронавирус пандемиясынын таасири менен кесепеттерин жоюу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле каржы жана валюта рыногундагы азыркы кырдаал, улуттук валютанын алмашуусунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу чаралары жөнүндө айтылды.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын билдирмесинде айтылгандай, өлкө лидери анда доллар менен сомдун курсун туруктуу кармоо маселесине токтолгон.

Садыр Жапаров Абдыгулов менен жолугушууда.
Садыр Жапаров Абдыгулов менен жолугушууда.

«Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнүн эл аралык каржы рыногундагы жана экономикаларындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүнүн өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал тышкы экономиканын таасирлеринен улуттук экономикага болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгына токтолду. Мамлекет башчы өлкөнүн каржы-насыялык мекемелери туруктуу жана ишенимдүү иштеши керектигин белгилеп, улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү керектигин айтты», -деп жазылган маалыматта.

Ошентип Садыр Жапаров президент болуп кызматка киришкенден кийинки биринчи кабыл алган аткаминер Улуттук банктын төрагасы болуп калды.

10-январдагы шайлоодо утуп чыккан президент 28-январда расмий ант берип, ишке киришкен. Бир жарым айлык тыныгуудан кийин, так ушул инаугурация күнү Улуттук банк интервенция жасаган. Бул жылдын алгачкы сатыгы жана ал соңку бир жылдай убакыттагы ири сумма болуп калган. Тагыраагы валюталык рынокко 45, 7 млн. доллар сатылган.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бул жөнүндө «Азаттыкка» мындайча маалымат берди:

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

«Кыргызстанда 1993-жылдан тартып жүргүзүлүп келе жаткан өзгөрүлмөлүү алмаштыруу курс режимине ылайык, чет өлкө валютасынын курсунун динамикасы валюта рыногунда болгон суроо-талап жана сунуштун негизинде аныкталат. Улуттук банк алмаштыруу курс боюнча болжолдоо бербейт. Ошону менен бирге, бул режимдин алкагында Улуттук банк алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жумшартуу максатында валюта интервенцияларын өткөрө алат. 2021-жылдын 28-январына карата ички валюта рыногунда суроо-талап тарабынан басым байкалган. Ошол жагдайга байланыштуу Улуттук банк алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жумшартуу максатында 45,7 млн. АКШ доллар көлөмүндөгү сатуу боюнча операцияларын өткөргөн. Азыркы учурда валюта рыногундагы жагдай туруктуу жана чет өлкө валютасы жетиштүү».

Деген менен Улуттук банк 4-февраль күнү да кезектеги валюталык интервенциясын жүргүзүп, 38 миллион долларды сатыкка чыгарды.

Улуттук банк 2020-жылы жалпы жонунан 29 жолу интервенция жасап, 465 млн. 950 миң доллар саткан. Мунун эң ириси, былтыр 10-мартта 49 млн. 700 миң доллар чыккан учурда катталган. Ошентсе да сатыктын көбү ноябрь айында болгон эле.

Олку-солкулуктун себептери

Башкы каржы көзөмөл мекемеси интервенцияларды курстун кескин көтөрүлүп кетишинен сактоо үчүн жасайт. Ага карабай эң негизги чет элдик валюта доллардын сомго карата катышы былтыр жыл ичинде кыйла өскөн.

2020-жылдын 1-январында расмий курс - бир доллар 69 сом 51 тыйын болгон. Апрель айларында ал 84 сомго чыгып, июнь-июль айларында 74-75ке чыккан. Ноябрда кайра 85 сомго чукулдап, декабрда 82 сом менен жыйынтыкталган.

Доллар жана сом.
Доллар жана сом.

2021-жылдын январь айында америкалык валюта кайрадан көтөрүлдү. Ушул күндөрү анын расмий наркы 84 сом 79-80 тыйындын тегерегинде кармалып турат.

Кыска мөөнөттө доллардын мынча көлөмгө кымбатташына коронавирус пандемиясы, анын артынан жаралган экономикалык кризис жана башка көрүнүштөр себеп катары көрсөтүлүп келди.

Экономист Жеңишбек Байгуттиев ушул жерден кепке кошулду:

Жеңишбек Байгуттиев.
Жеңишбек Байгуттиев.

«Долларга карата басым Кыргызстанда азыр деле бар. Бул 2020-жылдын жыйынтыгына байланыштуу. Бизде товар өндүрүшү 7% кыскарды жана тейлөө кызматы 10% чейин төмөндөдү. Расмий инфляция 9,7% болду. Бул деген баа өсүүдө, экономикада кайсы бир ишмердүүлүктөргө чектөө бар жана жумушсуздук күчөп жатат дегенди түшүндүрөт. Ал ички дүң өнүмгө терс таасир этүүдө. Орусиядан мигранттардын акча которуусу азайды, экспорт-импортто маселе болду. Ушунун баары сомго басым жасап жатат. Бул жана башка жагдайлар сомдун долларга карата дагы алсызданышын шарттайт. Биздин анализибизге ылайык, доллар азыр рынокто 90,82 сом болушу керек эле. Азыр аны 84,82 сомдо кармап тура берсек, сомго басым андан бетер күчөйт. Муну азыр психологиялык чек катары кармап турушат».

Маалым болгондой, кыргыз сомунун долларга карата катышы соңку он жылда дээрлик үч жолу секирик жасаган. 2009-2011-жылдары 39 сомдон 46 сомго чейин секирсе, 2014-2016-жылдары 48-50 сомдон 67-69 сомго чейин чыккан. Анан үчүнчүсү жогоруда белгиленгендей, 2020-жылы андан 73-74 сомго, кийин 84-85 сомго чыгып отурат.

Мурдараак айрым адистер доллар 100-120 сомго чейин чыгышы мүмкүн экенин, аны Улуттук банк жасалма жол менен кармап жатканын айтып чыгышкан. Бул социалдык жарылуунун жана калк арасында бийликке карата нааразылыктын алдын алуу деп түшүндүрүлгөн.

Бирок ошол эле кезде өлкөдөгү саясий кризистер жана туруксуздук кайра валюталык рынокко терс таасирин тийгизип келет. Бул жөнүндө финансист Алмаз Сарыбаев ой бөлүштү:

Алмаз Сарыбаев.
Алмаз Сарыбаев.

«Ар кайсы валютанын курсуна биринчи кезекте өлкөнүн жалпы, бүтүндөй экономикасынын абалы таасир этет. Ал эми экономикага саясий компоненттер таасир этет. Ушуну жакшы түшүнүш керек, бардыгы бири-бирине байланыштуу. Туруктуулук болсо экономика өсөт. Туруктуулук эмне менен камсыз болот? Ал акыйкаттуулук, сот адилеттүүлүгү, ой эркиндиги, мамлекеттик органдарда компетенттүү кадрлардын болгонунан көз каранды. Бул бир нече гана көрсөткүч. Жалпы жонунан, азыркы маалда биздин улуттук валюта – сомдун жүгү өтө оор. Ага капиталдын сыртка кетиши, рейдерлик басып алуу, инвесторлорго кысым, өндүрүштүн токтоп калышы, акча которуулардын кыскарышы, чек аралардын жабыктыгы, глобалдык пандемия жана башка нерселер себеп. Сомдун мындан аркы тагдырын, акырын көтөрүлөбү же ыкчам көтөрүлөбү, баарын мына ушул жагдайлар чечет».

Эл аралык рыноктогу мунай боюнча талаш-тартыш жана соода согуштары да Кыргызстандын валюталык рыногунда таасир этери белгилүү. Анткени дүйнөдөгү бул жааттагы кесепеттер Орусиянын жана Казакстандын экономикасына зыянын тийгизет, мындан алардын экономикасына байланган Кыргызстан да жабыркайт. Маселен, былтыр сомдун арзандашы рубль жана теңге менен чогуу жүргөн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG