Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Өкмөт: Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстандыкы


Төрткүл суу сактагычына келген канал.
Төрткүл суу сактагычына келген канал.

Кыргыз өкмөтү 4-февралда Баткендеги Төрткүл суу сактагычына байланыштуу түшүндүрмө берип, суу сактагыч жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү экенин билдирди.

Өкмөттүн сайтына чыккан маалыматта өлкөнүн аймактык биримдиги жана чек аралардын кол тийбестиги мамлекеттин негизги принциптери экени жазылган.

Расмий маалыматка караганда, Төрткүл суу сактагычынын көлөмү 90 млн. кубду түзөт, ал Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган.

Суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Ал Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн да стратегиялык мааниге ээ.

3-февралда парламентте өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып аталган суу сактагычына кирген каналдын башы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айткан:

«Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын да, тилекке каршы, алдырыптырбыз. Мен бул боюнча да тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар».

Өкмөт премьер-министр Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн айтканын, сөз ушул тууралуу болгонун кошумчалады.

Ушул тапта өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү маселени мыйзам алкагында жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Бул маселе 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлүп, депутат Тазабек Икрамов суу сактагычка байланыштуу тез арада депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG