Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Аскер прокуратурасы соттун “Апрель ТВ” каналын колдогон чечимине каршы арызданды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аскер прокуратурасы “Апрель ТВ” телеканалынын эфирге кайрадан чыгышына уруксат берген сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданды. Бул тууралуу маалымат 5-февралда телеканалдын расмий сайтына жарыяланды.

Анда айтылгандай, бул арыз карала турган жарандык процесс боюнча соттук отурум 25-февралга белгиленди.

Былтыр 29-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын “Санарип технологиялар” жана “Апрель ТВ” жоопкерчилиги чектелген коомдоруна каршы экономикалык доосун карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Райондук соттун бул чечими менен “Апрель ТВ” кайрадан эфирге чыгууга расмий түрдө уруксат алганы кабарланган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караштуу экени айтылган “Апрель ТВ” телеканалынын эфири 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында аны кармоо операциясы жүрүп жатканда өчүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG