Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

«Апрель» телеканалы ободон чыгууга укук алганын жарыялады


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караштуу «Апрель» телеканалы кайрадан эфирге чыга баштай турганын расмий билдирди.

Аталган телеканал расмий кабарлагандай, Бишкектин Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын «Санарип технологиялары» жана «Апрель ТВ» жоопкерчилиги чектелген коомдоруна каршы жазган арызы боюнча экономикалык ишти 15-декабрда караган.

Былтыр ноябрда «Санарип технологиялары» жоопкерчилиги чектелген коому негиздөөчүлөрдүн жыйынында «Апрель» телеканалынын мүлкү камакка коюлганына карабай анын обого чыгышына уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алган.

Аскер прокуратурасы бул чечимге каршы сотко даттанган. Бир жылга созулган териштирүүдө сот 15-декабрда Аскер прокуратурасынын арызын четке каккан.

«Апрель» телеканалы муну менен расмий түрдө обого чыгууга укук алганын билдирүүдө.

Маалыматка караганда, аталган каналдын обого чыгышына 2019-жылдын 7-августунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз камактан бошотулушу боюнча иште суракка келбей койгон Атамбаевди кармоо операциясы УКМК кызматкеринин өлүмү жана 100дөн ашык кишинин жаракат алышы менен аяктаган Кой-Таш окуясынын алдында үзгүлтүккө учураган.

«Апрель ТВнын» негиздөөчүлөрү - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын санаалашы Фарид Ниязов камакта. (NT)

XS
SM
MD
LG