Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Жогорку сот төрайымы УКМКнын аны айыптаган билдирүүсүнө далил табылбай жатканын айтты


Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Коллаж сүрөт.
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Коллаж сүрөт.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Жогорку соттун төрайымы тууралуу билдирүүсүнөн кийин бул мекеменин каржылык документтери текшерилип, анын айткандарына далил табылбай жатат. Бул тууралуу 29-декабрда «Азаттыктын» түз эфиринде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди.

Анын айтымында, атайын кызмат сөз кылып жаткан иш быйыл жазында, апрель-май айларында ачылган, өзү бул тууралуу сентябрда уккан, бирок чоо-жайын расмий түрдө эмгиче эч ким түшүндүрүп бере элек.

Калиева белгилегендей, Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан ага кийлигишүү болгон эмес жана жеке өзү эч кандай документке кол койгон эмес.

«Европа Биримдиги менен меморандум 2016-жылы мурунку жетекчилик менен түзүлгөн, - деди ал. - Меморандумдун эч кандай укуктук кесепети болбойт. Ал жөн гана ниет. Техникалык тапшырманы жазууну, тендер жарыялоону, жеңүүчүсүн тандоону алар өз критерийлери боюнча жүргүзүшкөн. Биз ал жакка кийлигишкен жокпуз. Тандалган фирмаларга акчаны өзүлөрү төлөшчү. Долбоор эки жыл иштеди. Өткөндө басма сөз жыйынында мен тууралуу «мамлекетке зыян келтирген» деп айтылды. Ошол күнү төрт кызматкер аудит менен биздин бухгалтерияга келип, ошол зыянды издеп жатышат. Жок. Ким, бюджеттин кайсы беренеси менен ошол акчаны алды? Жок болуп жатат. Ошого жаным кашайып жатат».

УКМКнын төрагасы Ташиев 24-декабрда журналисттерге Калиевага карата иш козголгонун, ал мыйзам бузуп, мамлекетке чоң зыян келтирген деп эсептей турганын айткан жана «иш аягына чыгарылат» деп билдирген.

Ташиевдин айтымында, сөз «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруудагы коррупция тууралуу болуп жатат жана бул үчүн эки ишкананын жетекчиси кармалган. Атайын кызмат Жогорку сот IT компания менен жасалма келишим түзүп, мамлекетке сегиз миллион сомдой зыян келтирген деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG