Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Гүлбара Калиева: УКМК мага каршы көрсөтмөнү күбөлөрдү мажбурлоо жолу менен чогултууда


Гүлбара Калиева. Архивдик сүрөт.
Гүлбара Калиева. Архивдик сүрөт.

Жогорку соттун төрайымына байланыштуу айтылып жаткан иш боюнча кармалган кызматкерге карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) басым көрсөтүлгөн. Бул тууралуу 29-декабрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди.

Анын айтымында, атайын кызмат сөз кылып жаткан иш быйыл жазында, апрель-май айларында ачылган, өзү бул тууралуу сентябрда уккан, бирок чоо-жайын расмий түрдө алигиче эч ким түшүндүрүп бере элек.

Калиева атайын кызмат ага карата айтып жаткан айыптоону күбөлөргө басым жасоо менен алган болушу ыктымал экенин белгиледи:

«22-октябрда «Адилет соттун» жетекчиси камакка алынды. Менде анын үн менен жөнөткөн маалыматы бар. Ал «мени биздин келишимдерден сиз акча каражатын алгансыз деп айтууга мажбурлап жатышат» деп айтып жатат. Басымды УКМКнын кызматкерлери жасаганын айтты. 37-жыл буга чейинки кылымдын «кара барагы». Мен 1937-жыл деп айткым келбейт. Бирок камакка эмне үчүн алат? Камакта болгондо адамга психологиялык, физикалык кысым көрсөтүп, анан чыгарат. Аны бир айча кармашты. Мүмкүн, мага койгон айып алардын көрсөтмөсү боюнчадыр. Бирок көрсөтмөлөр басым менен алынган. Себеби аны УКМК бир айдан кийин кайра өзү суранып, камактан чыгарды».

Калиева бир да документке кол койбогонун, УКМК анын өзү менен байланышпаганын билдирди.

24-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Ташиев ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер соттор боюнча Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал дароо камакка алынарын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG