Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:38

ДБ: Мигранттардын акчасы атаандаштыкты азайтат


Иллюстрациялык сүрөт

Дүйнөлүк басылмалар Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу жазган макалаларга баяндама.

Франциянын "Le Monde" гезити 5-февралдагы санында Кыргызстандан даярдалган көлөмдүү материалды басып чыгарды. Бишкектеги кабарчысы Брис Педролетти Бээжиндин “Жаңы Жибек жолу” долбоору кыргыздардын каршылыгына туш болгонун, жаңы президенттин шайланышы менен бул тенденция күчөшү мүмкүн экенин жазат.

Журналист репортажын "Кытай менен чек арадан, Торугарт өткөөлүнөн 100 километр алыс жерде Ат-Башы логистикалык борбору курулушу керек эле" деп баштаган. Андан ары өнөр жай зонасын түзүү боюнча тендерди уткан кытайлык компания менен келишимдин таржымалын, чоо-жайын ийне жибине чейин айтып берип, 280 миллион долларга бааланган долбоорго 200 гектар жер бөлүнгөнүн жазат. Долбоор боюнча 2 600 метр бийктиктеги ал аймак тоо койнундагы чыныгы оазиске айланып, түрдүү бизнес, кеңселер, мейманкана, эл аралык көргөзмө комплекси, кыргыз-кытай маданий борбору, жашыл парактар жайгашмак, деп сүрөттөйт автор.

Педролетти январь айында Ат-Башыга барып, жергиликтүү элдин турмушу менен таанышып, айрымдарын кепке тарткан. Алар ошол логистикалык чөлкөмдүн курулушу тууралуу кабардар кылышканда 10 миң кишиге жумуш орундары түзүлөрүн, оорукана, мектеп, 5 завод куруларын убада кылышканын айтып беришкен. "Бирок “кытайлык базага” 200 гектардын ордуна 400 гектар жер 49 жылга ижарага берилерин уккан эл чалкасынан кеткен" деп улантат кабарчы. Ошентип, 2020-жылдын 17-февралында эл борборго каршы ири акция уюштуруп, эки күндөн кийин долбоор жокко чыгарылган. Ошол эле жылы ноябрда кытайлык өнөктөш Гонконгдо атайын ошол долбоор үчүн негизделген компанияны жаап койду.

Жергиликтүү тургундардын бири журналистке “жаңы бийлик долбоорду жандантышы мүмкүн, бирок өнөктөш ким болору белгисиз” деп айтып берген.

Макаланын автору жакын жерде Жибек жолунун таманында жайгашкан байыркы Таш-Рабат кербен сарайы орун алганын эске салып, Бээжин “Жаңы Жибек жолун” заманбап, эффективдүү, компьютерлешкен аймак катары элестеткенин баяндайт. Журналист Кытайдын долбоордун бардык этаптарын көзөмөлдөгүсү келерин баса белгилейт жана дымактуу долбоордун чоо-жайына токтолгон.

Макалада Кыргызстандагы кытайларга каршы маанай да талданат, “Кыргыз чоролор” өңдүү улутчулдар, былтыркы октябрдагы окуялардан кийин кытайлык инвесторлор туш болгон кыйынчылыктар тууралуу баяндалат. Ошондой эле Кыргызстандын кошуна өлкөгө эбегейсиз карызы бар экени да сөз болот.

Педролетти материалын Бээжин атаандаштыкты да өз пайдасына колдонууну көздөйт деген ой менен жыйынтыктайт. Мисал катары Кашгардан Ошко чейин кетчү, андан ары Өзбекстан, кийин Кавказ, Иран менен байланыштырган темир жол салуу долбоорун келтирет. Автордун пикиринде, буга Кыргызстандын карызы жана Орусиянын салкын мамилеси жолтоо болушу мүмкүн.

"Eurasianet" онлайн басылмасы чет жактарда иштеп жүргөн мигранттардын акча которуулары Борбор Азия менен Кавказ өлкөлөрүндө жумуш орундарын түзүүгө жолтоо болуп жатат деген изилдөөнүн негизинде жазылган макаласын сунуш кылды.

"Сөз болгон региондордо чет өлкөлөргө, негизинен Орусияга иштеп кеткен жакындарынын эсебинен миллиондогон адам жан сактайт, алар салган акча канчалаган үй-бүлөнү жакырчылыктан куткарат", деген автор Дэвид Триллинг Кыргызстан менен Тажикстанда мигранттардын которуулары ал өлкөлөрдүн ички дүң өндүрүмүнө дээрлик барабар деп белгилейт. Армения, Грузия жана Өзбекстан алардан көп артта калбайт.

Дүйнөлүк банктын январдагы отчетуна караганда, миллиарддаган долларлык ошол каражат мигранттарды ұйлөрүнө кайтып баруу стимулунан ажыратат. Акча которуулар ал өлкөлөрдү атаандаштык дарамети жагынан чабал кылып, жумуш орундарын түзөбүз деген инвесторлор келбей калат.

Докладдын авторлору Арменияда жүргүзүлгөн изилдөөгө шилтеме менен жазышкандай, миграциядагы жакындарынан акча алып турган үй-бүлөлөр андай колдоосу жокторго караганда азырак иштешет экен. Тажикстанда да ушундай эле кырдаал түзүлгөн.

Андан тышкары акча которуулар жергиликтүү валютанын алмаштыруу курсун жогорулатат. Себеби чет жактан келген акча каражатты жергиликтүү валютаны сатып алууга коротуп, анын наркы көтөрүлөт. Натыйжада жумуш күчү доллар менен алганда кымбаттайт.

Изилдөөдө мигранттардын акчалай колдоосу керектөөнүн да структурасын өзгөртөөрү айтылып, тейлөө секторундагы, башка тармактардагы баалардын өсүшүнө алып келери да айтылган. Себеби мигрант тууганы которгон акчаны той-топурга, кафелерге, такси, башка кызматтарга аянбай жумшашат.

Триллинг арзан жумушчу күч атаандаштык жагынан артыкчылык берерин белгилеп, изилдөөгө таянып Борбор Азия менен Кавказ андай артыкчылыктан кол жууп баратканын жазат. Мындай тенденция узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясына залкасын тийгизет деген тыянакка келишет изилдөө авторлору.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG